Акыркы кабарлар
» Коом » ДССУ Кыргызстан менен Казакстандагы абалга тынчсызданууда
ДССУ Кыргызстан менен Казакстандагы абалга тынчсызданууда
26-июнь, 15:26
626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Европанын 11 өлкөсүндө жана мурдагы СССР өлкөлөрүндө, анын ичинде Молдова, Украина, Армения, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстанда карантин чараларын алгандан кийин Covid-19 жуктуруп алгандар кескин көбөйдү.
Дүйнөлүк саламаттыктыкты сактоо уюму (ДССУ) 11 өлкөдө өтө кооптондурган тенденция байкалганын билдирди.
Булар Армения, Швеция, Молдова, Түндүк Македония, Азербайжан, Казакстан, Албания, Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, Украина, Косово.
Уюмдун Европадагы регионалдык директору Ханс Клюге 30 өлкөдө акыркы эки аптада вирус жуктуругандар кескин көбөйгөнүнө көңүл бурду. "Анын он бир өлкөсүндө пандемия кайра күчөдү. Эгерде чара көрбөсө, Европанын саламаттыкты сактоо тармагына кайрадан күч келет",-деди ал.