Качкын Булатов, укук коргоочу: “Ал видеону “чын” же “жалган” деп да айталбайм”
-- Качкын агай, “Сабыр аба аркылуу кыргыз алтыны Кипрге чартердик рейс менен чыгып кетти” деген видео тарагандан бери түрдүү пикирлер козуду. Талкуу күчөп, Кипрде оффшордук компаниялар көп экенин айтышууда. Сиз жаатташкандардын кайсы тарабына кошуласыз?
-- Мен да көрдүм. Ал тууралуу билдирүүлөрдүн баарын уктум. Бирок, азыр ал тарапка да, бул тарапка да кошула албайм. Ал видеону “чын” же “жалган” деп да айталбайм. Баардык маселени убакыт ордуна коёруна ишенем.
Бирок, алтын мындай оңой жол менен чыгып кетпесин билем. Айтайын дегеним, алтын чыгып жатканын милиция, УКМК кызматкерлери аэропорттун жетекчилери да билбей калат. Кандай жүк жүктөлгөнү сыр болот. Мындай видеого тартылышы мүмкүн эмес. Эгер чет өлкөлүк атайын кызматтар эле тартып албаса, башкалар тартып алалбайт.
Мамлекетти өнүктүрүү үчүн жакшы иштер жасалып жатканы чын. Ошон үчүн мындай видеону ким тартып, неге жарыялап жатканын да түшүнбөйм. Бир жактуу пикир айтыш чыны менен кыйын болуп турат. Анткени, “мамлекеттик сыр” деген бар. Аны каалаган киши эле аңтара албайт.