Акыркы кабарлар
» Коом » Памир Асанов ИИМдеги мыйзамдарды бузууну Кашкар Жунушалиевден үйрөндү окшойт
Памир Асанов ИИМдеги мыйзамдарды бузууну Кашкар Жунушалиевден үйрөндү окшойт
24-октябрь, 01:32

ИИМ орун басары Памир Асанов 16-октябрда 55 жашка чыгып, пенсияга кетүүгө убактысы келип, ашса да, эч кебелбей отурганы коомчулукту бир канча күндөн бери дүрбөтүүдө. ИИМдин мыйзамына ылайык, полковник чин-даражасындагылар 55 жашка чыгуусу менен дароо эс алууга кетишет. Тилекке каршы, Памир Асанов күч органындагы жетекчилердин бири болуп туруп, өзү мыйзамды сыйлабай, эл астында сынга калса дагы кызматында тырмышып отурат. Мындай көрүнүш коомчулук астында тескери өнөкөт болуп калды. “Балык башынан сасыйт” демекчи, министр Кашкар Жунушалиевдин көп катачылыктарын эми орун басары кайталоодо. Булар өздөрү мыйзамды бузуп атышса, анан кантип тартип болмок эле? ИИМдин жобосу “жоболоңго” айланганы ушулбу?..
Aryba.kg