Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмира Ажыканова: “Дүйнөлүк классиканы окуган мончочу аялдын элеси көз алдыма туруп алды”

Элмира Ажыканова: “Дүйнөлүк классиканы окуган мончочу аялдын элеси көз алдыма туруп алды”

11-январь, 17:18
1 070 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист, акын Элмира Ажыканова өз баракчасы аркылуу мини-ангемесин сунуштады.

“Мончонун фойесинде чачымды кургатып отурдум. Жашы алтымышка барып калган, үстүндөгү кийими өтө жупуну, чыптамасы эскилигинен түлөп кеткен, апкыты айрылган желим гөлөшчөн аял пол жууп жатты. Бир убакта ишин таштай коюп колун чайкап, аарчып сырттан келаткандарды күтүп калгандай болду. Эшиктен тестиер эки кыз, эки уул кужурашып кирип келишти. Мектептен тарап келатышыптыр. Аял аларды жыгач отургучка катар отургузуп, колдоруна бир крүжкөдөн чай, бир сындырымдан нан карматты. “Эртерээк ичип, жолдун чети менен үйгө жөнөгүлө” деди. Көрсө, балдар анын неберелери экен. 

-Ата-энелери Россияда иштешет. Мага калтырып кетишкен. Ушулар менин мойнумда, - деди ал мага карап. 

Өзү деле алы-күчү азайып, улгайып баратыптыр. Ушунча баланы караган оңой эмес го деп ичимден ойлонуп койдум. Көзүнүн алды шишимик, далысы бүкүрөйүп, колдорунун манжалары ийрейип, белине ороп алган жун жоолугу кийиз болуп кирип калыптыр. Бул турмуштан чекеси жылыбаганы бозоруп нуру өчкөн муңайым каректеринен көрүнуп турду. Неберелерин үйгө жөнөтүп, желим мээлейин кийип кайрадан полду жууй баштады. 

-- Неберелерди багуу сизге оңой эмес го? - дедим мен.

-- Оңой болмок беле? Бирок эмне кылам? Экөө кызымдыкы. Экөө уулумдуку. Үй алалы деп Якутияда тытынып иштеп журүшөт. 

Мен унчукпадым. Аял полду жууп да, сүйлөнүп да жатты: 

-- Мен бечера алиги Брехттин Мамаша Куражымын да, - деп кобуранды. 

-- “Мамаша Куражды” окудуңуз беле? - дедим. 

-- Окугам. Театрдан спектаклин кайра-кайра көрчүмүн жаш кезимде. 

Эмне деп көңүл жубатарымды билбей:

-- Балдарыныз келсе баары жакшы болот, ошондо кенен эс аласыз, - дедим. 

-- Ай, билбейм. Айтматовдун баягы нерпа аткычтарындай болуп деңизге кулап өлбөй, жээкке жетип өлсөм жакшы болот эле. Жээк али көрүнбөйт... - деди да полду сүрө берди. 

Мончодон келип, чай ичип отурам. Дүйнөлук классиканы окуган мончочу аялдын элеси көз алдыма туруп алды. “Жээк али көрүнбөйт” деген сөзү жүрөгүмдө чий болуп турат десең...».

(Чай ичип отуруп ушул мини-аңгемени жазып койдум).
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер