Жолдошум сабап, боюмдан түшүрө тепкен. Ата-энем болсо “ажырашпа” дейт


Турмушка чыкканыма беш жыл болду. Күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Азыр эки кызым бар. Бирок бакыт издеген жаштыгым оор сыноолорго туш келди.
Турмушка чыкканымдан эки ай өткөндө эле күйөөм кол көтөрө баштады. Ар бир жолу кечирим сурап жалдыраар эле. Ошондо мен болгону 19 жашта элем, “турмуш ушундай тура” деп чыдап жүрө бердим. Бир аз убакыттан соң боюма бүтүп, экөөбүз сүйүнүп жүрдүк. Өзүнчө батирде жашачубуз. Бир күнү ал ичип келип, себепсиз эле уруш чыгарып, мени ичке тепкен. Ошондон улам бир айлык наристемден айрылып калдым. Арадан эки ай өтүп, кайрадан кош бойлуу болуп, кубанычка бөлөндүм. Бирок күйөөмдүн уу таягы жонумдан кетпеди. Жадагалса толготуп жаткан күнү да бул азапты баштан кечирдим. Ошол окуя бүгүнкү күнгө чейин жүрөгүмдө жара катары сакталып калды. Азыр да кол көтөргөнү токтобой келет.
Мен ушул убакка чейин ата-энеме эч нерсе айткан эмесмин. Күйөөм абдан кызганчаак. Эми жашагым да келбей калды. Ата-энем “ажырашпа” деп атышат. Мен эмне кылышымды билбей, туюкка кептелгендей абалда калдым…
Альбина
"Азия Ньюс" гезити











