Генерал Курсан Асановдун “ачыла элек сандыгында” эмнелер бар?

Саясый майдан барган сайын кызып баратат. Биз күтпөгөн айрым популярдуу адамдар да аламанга аттанышканына күбө болуудабыз. Маселен, Кой-Таш окуясы жана “терпила” Жеңиш Разаковдун даттануусу менен соттук процессти баштан кечирип жаткан генерал Курсан Асанов “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулуп, шайлоого барууга билек түргөн кербези. Мындай кабар коомчулук тарабынан жылуу кабылданганы айтылууда.
Учурда Курсан Асанов соттоло элек, андыктан, шайлоого катышууга толук укугу бар. Сентябрга чейин райондук жана Бишкек шаардык соттору өкүм чыгарууга жетишпейт. Демек, Курсан Асанов БШКдан депутаттыкка талапкер катары катталса, кол тийбестикке ээ болуп, саясый күрөштө өзүн көрсөтүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк алат. Публикага таасир эткенди, элди ынандырганды, о.э. журналисттер менен иштешкенди мыкты өздөштүргөнүн эске алсак, анын жылдызы чукул арада жанып, рейтинги огобетер көтөрүлүп кетеби? Буга чейин куугунтук жеп келатканын, күч органдарынын интригаларына кабылганын ачыктап, көп сырларды ашкерелеп салышы да ыктымал. Эң башкысы, ал өзүнө ишенимдүү жүргөнү менен өзгөчө. Мындай шартта “ачыла элек сандыктагы” кызыктарга күбө болобузбу?
Дагы бир маанилүү жагдай, эгерде Курсан Асанов чын эле кылмышка шектүү болсо, анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кирмек беле? Өз жанынан чочуламак да, туурабы? Демек, ал тайманбас мүнөзүнө салып, акыры акыйкат жеңерине ишенип, радикалдуу оппозицияга аттанганы ушулбу? Ооба, булар олуттуу суроолор. Окурмандар жообун оңой эле талдап алышса керек.
Айтор, оор сыноону баштан кечирип келаткан Курсан Асанов саясаттын түйшүктүү жолуна түштү. “Ойчул ойлонгуча тобокелчил тоо ашыптыр” дейт. Көп саясатчылар, чиновниктер “Бүтүн Кыргызстанга” кирүүдөн коркуп жатышканда, ал чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Бел болобу? Эл тараза!
"Азия Ньюс" гезити