Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Партиялардын соода-сатык менен тизме түзгөндөрү коркунучка айланды”

Каныбек Осмоналиев: “Партиялардын соода-сатык менен тизме түзгөндөрү коркунучка айланды”

16-август, 23:09
708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Беларусь президенти Лукашенко тууралуу кандай ойдосуз?

-- Биз Лукашенкону канчалык сындабайлы, анын бир эмгегин баса белгилеп коюубуз керек. Ал өлкөсүнүн өнөр жайы менен айыл чарбасын толугу менен сактап калды. Бул – эрдик. Анын билим берүү, илим жана маданият секторлорун колдоо саясатына “рахмат” деп айтышыбыз керек. Бирок, бийликти узак жылдар ээлеп алуусу дагы опурталдуу. Ар кандай эле коом жаңыланып туруусу керек. Беларусь эли кийинки жылдары ошону каалап жүрүшөт. Ошондуктан кезектеги шайлоо бир топ нааразычылыктар менен өттү. Менимче, президент дагы, анан эң башкысы эл өзү жаңылануу жолдорун өз ара сунуш кылышып, кийинки мөөнөткө компромисттик мамилелер менен барышат го! Лукашенко абдан терең ойлонгон, өзүнүн элин чексиз сүйгөн инсан экен. Өткөөл заманда элин, жерин эч кимге талатпай сактап калды.  

-- Бизде эки революция болду, саясый кырдаал курч, Беларустагы абал дагы сабак болчудай?

-- Жаңы Кыргызстандын мезгилинде эч кандай революция болгон жок! Революциянын базалык белгилери бар! Эки жолу тең, 2005-2010-жылдары классикалык тил менен айтсак, эң ыплас төңкөрүштөр болду! Мурдагы коррупциялык кландарды кийинкиси алмаштырып жатты. Карапайым эл алардын жекече максаттары үчүн аёосуз пайдаланылды. Кан төгүлдү. Чыныгы революция боло элек! Анткени, бул учурда коомдук-экономикалык формация өзгөрөт. Азыркы жек көрүндү болуп калган система түп-тамыры менен жоюлат. Президенттик же парламенттик башкаруу бир жаңсыл болот. Кыргыздын мүнөзүнө жакын болгон социалисттик коомдук-экономикалык формация жаңыланып, орношу ыктымал болуп келе жатат. Ошондуктан, мен күздөгү шайлоону абдан кооптонуу менен байкап турам. Менимче, алар эч кимди: эл менен президентти дагы көзгө илбей бара жатышат. Пандемия шартында “шайлоону өткөрүп, парламентти ээлейбиз” дегендер дал ошолор. Алар парламентке келишсе, кыргыз эли көп азаптарга малынат. Протесттик маанайлар өсөт. Нааразычылыктар күчөйт. Ошондуктан, президент өзү баш болуп, чукул убакытта абалды колго алуусу керек. Октябрда кеч болуп калганы турат. Партиялардын соода-сатык, алдоо жана "жайма базар" жолу менен тизме түзүүлөрү абдан коркунучтуу болуп бара жатат! Карапайым эл чыдай албай, ар кандай чечкиндүү кадамдарга барып коюулары мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай туруп алса эмне болот? Андай сценарийди ойлогум дагы келбейт. Кудай сактасын! Коронавирустан жабыркаган калк карайлап калды. Акчалары түгөндү. Күнүмдүк оокат таппай жүргөндөрү канча? Ар кимдин колун карап жашап жүргөндөрү канча? Ойду-тоону сүйлөй бербей, көзүбүздү ачалы! Шайлоо ачык жана адилет өтсө гана эл топук кылып калышы мүмкүн. Менимче, ууру-бандиттик топтордун “шайлоону каалагандай калчайбыз” деген доору өттү. Эл өзү тескеп коёт. Мен буга бекем ишенем!



"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер