Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов, экс-министр: “Бакиевдин сотко келишинен бийлик кооптонуп жаткандай...”

Мамбетжунус Абылов, экс-министр: “Бакиевдин сотко келишинен бийлик кооптонуп жаткандай...”

09-июнь, 11:10
554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус агай, Конституциялык сот биздин мурунку президент Курманбек Бакиев боюнча чечим чыгаргандан кийин, анын иши эми сотто кайра карала турган болуп калды. Ушул маселе тууралуу эмнелерди айта аласыз? 

-- Мен анын сотко келишине каршы эмесмин. Себеби бар.Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар, /Жүрөктө сагынычыма карашкансып, /Негедир канаттуулар учуп өтсө, /Сезилет сени көздөй бараткансып деп анын Ютубдагы ырдаганын угуп, жүрөгүм сыздап, «Жер сагынбас эл болбойт, эл сагынбас эр болбойт» деген ата сөзү туура экенин сезгем. 

-- Бакиевдин келиши тууралуу өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров да үн катты. «Ал келсе сотто анын иши кайра каралат. Бир тараптан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, экинчи тараптан Бакиев сот териштирүүсүнө катышышат деди. Кээ бир саясатчылардын буга тынчсызданып жатканын айтып, ага себеп бар экенин кошумчалады. Буга сиз кандай дейсиз?

-- Президенттин Убактылуу өкмөткө минтип таш ыргытканын соттор көрсөтмө катары кабыл алышы мүмкүн. Кемпир-Абад маселеси боюнча биздин дарекке да президент таш ыргыткандыктан, биз соттун биринен акталсак, экинчиси бизди бучкактап, башыбыз дагы эле соттон чыкпай жүрөт. Кемпир-Абад маселеси боюнча Убактылуу өкмөттүн белдүү делген мүчөлөрү Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев бизди колдоп бийликке калыс пикирлерин айтышкандыктан, мен да Убактылуу өкмөт тууралуу өзүмдүн калыс пикиримди бийликке билдирип коюуну туура таптым. 

-- Айта бериңиз, анда кулак сизде...

-- Президент айтып жатат, Бакиев келсе сотто анын иши кайра каралат. Бир тараптан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, экинчи тараптан Бакиев сот териштирүүсүнө катышышат деп. Андан сырткары, кээ бир саясатчылардын буга тынчсызданып жатканын айтып, анын да себеби бар экенин белгиледи. Ошондуктан менде “Убактылуу өкмөттүн буга кандай тийешеси бар?” деген суроо жаралды. Себеби Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин түзүлгөн. Элдер митингге Бириккен Элдик Кыймылдын үндөөсү менен чыгышкан. Ошондуктан президент Жапаров сотто экинчи тарап болуп Убактылуу өкмөт эмес, Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөлөрү катышат десе туура болмок. Себеби, 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин Бакиев борборду таштап, Тейитке барып курчоодо калганда премьер-министр Данияр Үсөнов өз ыктыяры менен кызматынан баш тартып, өлкөдө борбордук бийлик иштебей калганда, Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөлөрү өлкөбүздүн саясый жоопкерчилигин өз моюндарына алышып, Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт түзүлгөн. 

-- Сиз айтып жаткан Убактылуу өкмөттү ошол эле Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөлөрү түзүшкөн да. Алар өздөрүн мурун кандай атабасын, кийин кандай атабасын, сотто ошол эле адамдардын жоопкерчилиги каралат эмеспи. Буга кандай дейсиз?

-- Биздин Конституция боюнча, коомдук бирикмелер элди бийликке каршы үндөөгө, бийликке каршы митингдерди уюштурууга укуктуу. Ал эми митингге чыккан элдин коопсуздугун камсыз кылуу мыйзам боюнча бийликтин да, митингди уюштуруучулардын да бирдей милдети. Бирок Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери 7-апрелдеги кандууу окуянын алдында камакка алынып, айрымдары, мисалы, Бекназаров Нарында, Шерниязов ошол учурда Таласта болгондуктан, алардын биринин да 7-апрелде митингге чыккан элдин коопсуздугун коргоого мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошондуктан 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча сот Бакиевди баш кылып, бийлик өкүлдөрүн гана жазага тарткан. Эми Бакиевдин иши сотто кайра каралса деле Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөлөрү 7-апрелдеги кандуу окуяга катышпагандыктан, аларга сот укуктук баа бере албайт. Ошондуктан Бакиевдин сотунан алар тынчсызданбай эле жүрүшөт. 

-- Анда эмне үчүн Бакиев келсе Убактылуу өкмөттүн былыктары ачылат деген пикирлер бүгүн байма-бай айтылууда?

-- Мындай пикир көбүнчө бийликчил массалык маалымат каражаттарында гана айтылып жаткандыктан, мага бул элди алаксытуу үчүн эле айтылгандай туюлуп жатат. Себеби, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү буга чейин Бакиевсиз эле бири-бирин жамандап, куугунтуктап, каматып, биринин былыгын бири чукуп, өз былыктарын элге ачып салышкан. Ошондуктан, менин оюмча, Бакиевдин сотко келишинен бийликтин өзү кооптонуп жаткандай...

-- Бакиевдин иши сотто кайра каралышына бийлик өзү жол ачып берип алып, анан Бакиевдин сотунан бийлик эмне үчүн өзү кооптонушу мүмкүн?

-- Бакиевдин сотунда эл 7-апрелде эмне үчүн бийлике каршы көтөрүлгөн?” деген суроо жаралбай койбойт. Эгер ал окуялар сотто тескеле турган болсо, бийлик божомолдогондой сотто чечим чыкпай, Бакиевдин сотунун жыйынтыгы «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты» болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан Бакиевдин ишин бийлик сот-пот деп жооткотпой эле анын өз учурунда өлкөбүздүн экономикасына кошкон салмактуу салымын эске алып, 15 жылдан бери өз элине, жерине келе албай, бийликте кетирген каталарын жетиштүү деңгээлде түшүнгөнүн эске алып жана да жашы улгайып калгандыктан, ден соолугу начарлап баратканын эске алып, Бакиев боюнча президент Садыр Жапаров юристтер менен кеңешип, ага өзү эле мунапыс жарыялап койсо мыйзамдуу болмок. Бакиев мындай чечимге макул болоруна ишенем. Себеби, 7- апрелден кийин Бакиев Тейитке барып курчоодо калганда, Мейражидин Зулпуев деген агабыз мени чакырып, “бүгүн Убактылуу өкмөт кызыкдар болуп турганда, Бакиев кийинки тагдырын татаалдантпай, өз ыктыяры менен президенттик кызматынан баш тартса дурус болмок деди. Бул пикирди мен Бакиев менен Тейитте чогуу жүргөн анын жардамчысына (аты Жоомарт болсо керек эле) кабарладым. Ал кайра мага телефон чалып, буга Бакиев көнгөнүн, бирок мындай келишим коомчулуктун аттуу-баштуу өкүлдөрүнүн катышуусунда кол коюлсун деп айтканын маалымдады. Анын жообун мен дароо Мейражидин акеге, анан Убактылуу өкмөттүн белдүү делген мүчөсү Исмаил Исаковго жеткирдим. Бакиев аны өз учурунда сегиз жылга каматканына карабай, Исмаил Исаков мага кайра телефон чалып, бул сунушка ал жана Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева, мүчөлөрү А.Бекназаров, Э.Ибраевалар макул болгонун билдирип, калгандары менен макулдашуу уланып жатканын айтты. Бирок эртеси күнү кимдир бирөөлөргө ишенип Бакиев Ошко барып, Ошто ал күткөндөй болбой калганда, өлкөдөн Белоруссияга чыгып кетүүгө мажбур болуп, биздин аракет текке кетти.

-- Бакиев Белоруссияга кеткенден кийин сиз кандайдыр бир аны менен байланыштыңызбы?

-- Мен жогоруда айттым го, анын Ютубдагы Ата журтун сагынып ырдаганын угуп, жүрөгүм сыздаган деп. Ошондуктан анын бир жакын адамы Белоруссияга барататканын угуп, өз элинин тамагынын даамын татсын деген таризде мен андан Бакиевге бир банка сүмөлөк берип жибергем. Ал мага кайра бир бөтөлкө Белоруссиянын самогонун берип жиберген экен, аны Мейражидин акеге алып барып, даамын чогуу татканбыз. Ошондо Мейражидин аке Бакиев тууралуу мындай деген эле: “Убактылуу өкмөттүн эртеңи жукарып баратат. Эгер бийликке башка күч көтөрүлсө, Бакиевге мунапыс берип, элине кайтарса туура болмок деп. Мейражидин акенин ошол керээз сөзү бийликке угулсун деген таризде мен сиздин суроолоруңузга жооп бердим. 


Сурат Жылкычиев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер