Тамила Маматова: “Эл күтпөгөн, баары суктана турган эмгекти тартууласам...”
-- Тамила, айкелчи – бул ташка жан киргизүүбү, же эмне?
-- Айкелчи – бул сулуулук жаратуучу жана ошол кооздук аркылуу адам баласына маданий, моралдык, руханий байлыктарды тартуулоо менен бирге тарых тартуулоо! Тарыхты биз байыртадан калган скульптуралык эстеликтерден билебиз. Демек, айкел – бул тарых. Ушул сөздүн мааниси оюу, кесүү дегенди түшүндүрөт. Айкелчилик – бул пластикалык түшүнүк. Пластика (ийкемдүүлүк) аркылуу адам баласына бир окуяны, же бүтүндөй бир өлкө, шаар же адам жөнүндө маалымат берсе болот. Бул искусствонун бир татаал түрү катары айтсак жарашат.
-- Айкелчи бүгүнкү күндө кантип жан багууда, жасап аткан ишиңде суроо-талап барбы?
-- Айкелчи бүгүнкү күндө дагы, ушуга чейин да буюртмадан (заказдан) көз каранды же жасаган нерсеси сатылуудан ийгилик жаратса, жаңы табылгаларга жол ачат. Айкелчилер, сүрөткерлер, художниктерди колдоо үчүн атайы картиналары, скульптуралары сатылуучу жай – галерея болуп эсептелет. Анан дагы айкелчи канчалык белгилүү болсо да, жасагандары бат таркап же буюртмасы көп болот.
-- Учурда кайсы эмгек менен алпурушуудасың?
-- Учурда ар түрдүү ойлор келип жатат. Азырынча алар оюмда жана кагазда, эскиздик варианттары менен. Анан скульптурага айланганда, албетте, эл алдына чыгарам. Бу жолкусу эл күтпөгөн, эл суктана турган эмгек болоруна көзүм жетип турат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити