Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүн коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулап кеткен

Бүгүн коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулап кеткен

05-январь, 11:56
2 134 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда соңку эки айдан бери биринчи жолу коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулады. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2809 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 152 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (112 адам). Акыркы жолу 2-ноябрда 172 учур катталган, ошондон бери көрсөткүч дээрлик жүздөн ашпай келе жаткан. Кечээ, 4-январда 52 адам катталган.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 миң 031 адам болду. Азыр ооруканада 271 бейтап жатат, дагы 414 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер