Министр Жунушалиев Кой-Таш тергөөсүн созуп, төңкөрүштүк кырдаалга баратабы?
7-8-август күндөрүндөгү Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иштерин ИИМ карамагына алып, буга чейин шоу кылып келгени, арадан беш ай өтсө да сотко жөнөтпөгөнү шектенүүлөрдү жаратууда. Аныгында, министр Кашкар Жунушалиев өзүн баалуу сезип, кызматын сактап калуу үчүн тымызын оюн жасап, создуктуруп жатабы?
Сергек акыл-эс, туура анализ менен ойлонбойлубу? Ушул темп менен “ириген” ИИМ тергөөнү чоюп жүрүп, жаз алды менен сотко өткөрсө, ансыз да чыңалып бараткан кырдаалга от тамызгы болуп, элди көчөгө чыгарууга түрткү болбойбу? Учурда жергиликтүү эл Атамбаевдин камалганы, адилетсиз тергөө амалдары жүрүп атканына жиндери шакардай кайнап аткан чактары! Дал ушул Кашкар Жунушалиевдин “кашаңдыгы”, алысты көрө билбегени үчүн мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп албайбызбы? Төңкөрүштүк абалга такап аткан жокпу?..
Ооба, учурда тынчсыздануу күч. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дейт. Бакандай болгон ИИМ үч айда Кой-Таш окуясын тергеп, жаңы жылга чейин сотко өткөрүп салууга мүмкүнчүлүгү кенен болчу. Эмнеге антпеди? Себеби, Кашкар Жунушалиев “өтө маанилүү” иштер менен алагды болуп, креслосунда байланып турушу керек экен. Логика болбосоң кое кал! Мындай команда менен жаркын келечекти курууга кантип болсун? Ушунчалык да тайыздыкка кайдыгер карап отура беребизби? Ансыз да ИИМге “ийри жол” салган министрди орун басарлары, башкармалыктын башчылары, дээрлик жетекчилер сыйлабай калганы жалганбы? Интрига да чегинен чыгып кетти. Акүйдүн аппараты ишенбесе, өздүк курам ичинен тымызын сурамжылоо жүргүзүп көрбөйбү? Ошондо биз жазган чындыкка жетет элек.
Aryba.kg