Акыркы кабарлар
» Саясат » Москвага Бөкөнтаевден башка дипломат калбай калганбы? Таңгалычтуу...
Москвага Бөкөнтаевден башка дипломат калбай калганбы? Таңгалычтуу...
08-август, 18:30
513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстандын Россиядагы элчилигине Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалды. Бул дипломат эмес. Улуттук банкта иштеп жүргөн эле финансист катары сыпатталат. Асыресе, Курманбек Бакиевдин “эсепчиси”, кадры экени жалганбы? Бир топ убакыттан бери Москвадагы элчилик бош туруп, идеалдуу адам табылбай, акыры буйруктун чыкканын карачы! Максим Бакиевдин тандоосу эмеспи? Таңгалычтуу... Учурда өсүп келаткан профессионал дипломаттар бар. Эмне үчүн алардын акылын, билимин пайдаланбай, Кубанычбек Бөкөнтаевге күнүбүз түшүп калды? Билебиз. Россияда мигранттардын көйгөйлөрү курч мааниде. Негизи ал жакка ишбилги, энергиялуу кесипкөй адис барганда, маселе оң жагына чечилет беле? Айла жок, бирок абалыбыз ушундай кейиштүү...
"Азия Ньюс" гезити