Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зайырбек Ажыматовдун жубайы: “Зайыр сыздап ыйлап, Элмирге ыр жазып отуруптур...”

Зайырбек Ажыматовдун жубайы: “Зайыр сыздап ыйлап, Элмирге ыр жазып отуруптур...”

07-сентябрь, 12:16
3 760 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушу жылдын 29-апрель күнү акын, журналист, кыргыздын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов каза болуп, кыргыз эли оор жоготууга учураган. Бир үйдүн түркүгү урап, төрт бала атасыз калган каргалашуу күндү акындын үй-бүлөсү өмүр бою унутпастыр. Акындын жубайы маек учурунда “Зайыр жашоого тойбой кетти, бир заматта ажалга жулдуруп ийдим” деп ыйлап отурду.

-- Анара эже, сизге оор болсо да жолдошуңуздун акыркы күндөрүн айтып берсеңиз?

-- Зайыр кадимкидей эле иштеп, үйдө тиричилигин кылып, шайдоот жүргөн. 21-апрель күнү анын жүрөгү катуу жараланды. Ал күндөрү карантинге байланыштуу жолдошум үйдө болчу. Түнкү саат он экилерде уулум Назым интернеттен окуган окшойт, уктап жатсам жаныма келип, “апа, Элмир байке каза болуп калыптыр” деп ойготту. Экөөбүз нес болуп көпкө отурдук, ыйладык. Бирок атабызга угузууга даабай аттык, аны аяп, жок дегенде таң аткыча угузбай туралы деп ойлодум. Бирок, жүрөгүм чыдаган жок. Башкадан уккандан көрө өзүбүз айталы деп уулум экөөбүз жанына барып ойготуп, угуздук. Эч нерсе деген жок. Үнсүз бир чекитти тиктеп отура берди. Менин болсо ыйлап-сыктап отуруп көзүм илинип кетиптир, бир убакта ыйдан чочуп ойгондум. Жарык түшө элек экен, Зайыр сыздап ыйлап отуруптур. Ыр жазып аткан окшойт:

Көздөдүң ажал куу жолду, Элмир,

Кыргызың жоктоп чуу болдуң, Элмир.

Жарылып жаным, өрттөнүп ичим,

Жаздыгым көлдөп суу болду, Элмир, – деген саптар ошол түнү жаралган.

Ошол күндөрү карантинден улам шаарда көзөмөл катуу болуп атпады беле? Таң атары менен чуркап жүрүп айыл өкмөттөн уруксат кагазын алды да дароо Элмирдикине жөнөдү. Жерге берер күнү түз эле Ала-Арча көрүстөнүнө барды. Сөөгүн жерге берип, эл тарагандан кийин көпкө чейин кыйылып кете албай досунун мүрзөсүнүн жанында турду дешти. Үйгө эт, чучук көтөрө келиптир. “Элмир сүр этти жакшы көрөт, бышырып куран окуталы” деди. Эртеси бир телеберүүгө барып катышып келди. Андан кийин өзүн таштап, басса-турса да досун эстеп ыйлап атты. Уйкудан калды. Мен колуман келишинче жубатып, жакшы сөздөрүм менен колдогонго аракет кылдым. Бирок азыр ойлосом, күйүткө алдырып, менин айткандарымды уккан деле эмес окшойт…

— Жолдошуңуздун ушунчалык сезимтал экенин ага чейин эле билчү белеңиз?

— Ооба, башынан эле бирөөнүн кайгысына, түйшүгүнө, дегеле коомдогу, тегеректеги болуп аткан окуяларга үстүртөн карачу эмес.

— Ооруканадан үзүлдүбү? 

— Жүрөгү бир аз ооручу, ошол күнү жүрөгүм деп кыйналганынан “тез жардам” чакырдым. Балдар жумушта, эки кызым үйдө болчу. Ооруканага жеткирип, биринчи жардам көрсөтүлдү. Барганда кан басымын текшергенде жакшы болчу. Ийне сайгандан кийин эмнегедир кан басымы түшүп кетти. Доктурлар бир заматта ызы-чуу түшүп, чара көрүшкөндөн кийин абалы турукташкансып калды. Түнү менен кирпик какпай маңдайында отурдум. Абалы жакшырып, сүйлөшүп аттык. Эртең менен жакшы болуп калганда “үйгө, кыздарга барып келейин” десем макул болду. Медайымга дайындап кеткем, анан эле 6-7 саат аралыгында суук кабар келип атпайбы (ыйлап). Жарыкчылык менен кош айтышарын билсем, жанынан жарым карыш жылбайт болчумун. Жакшынакай басып-туруп калып, анан эле ажалга алдырып ийгениме азыр да ишенбейм.

— Эки достун жубайлары, балдары мындан ары катышта болосуздарбы?

— Экөөнөн тең айрылгандан кийин бир күнү өкүл балабыз Мирлан чалды (ред. Самыйкожо). “Жеңе, Элмир байкенин үй-бүлөсү сизге куран окутуп барганы жатат” деп. А мен ошол учурда аларга куран окутканы камынып, үйдөн чыгып алган элем. Айтсам, анда сиз барыңыз деди. Студент кезден бери эки дос жолугуп, дайым катышып жүрчү. Бирок аяшымдын жубайы менен ошондо жакындан тааныштым. Андан кийин алар куран окутуп келишти. Экөөбүздүн тең күйүтүбүз бирдей, ыйладык, арман кылдык. Бирок, өтмүшкө айла жок экен. Эки достун кыздарын жакындан тааныштырып, достоштуралы деп сүйлөштүк.

— Балдарыңыз канча жашка чыгып калды?

— Улуу балам Назым 23 жашта, учурда аскер кызматкери. Экинчи уулубуз Мелис студент. Кыздарыбыз Айназик 10-класста окуйт, Карлыгач быйыл 1-класс.

— Көкүрөк күчүгүм деп Карлыгачтын сүрөттөрүн социалдык тармакка көп чыгарчу эле...

— Мен өзүм социалдык тармакка кызыкпайм, башка тиричилигим көп. Башында “элдин көзү тийбесин” десем болбой эле чыгара берди. Кызын өзгөчө жакшы көрчү. Атасы босогону аттагандан баштап эркелеп, үйдө болгондорду айтып берип зериктирбейт эле. Ушу кызыма баарынан оор болду. Башында өз кайгыбыз менен алышып атып, маани берген эмес окшойм. Болпойгон кыз эле, атасынан ажырагандан кийин көп өтпөй арыктап кетти. Катуу ооруп, айыкты. Улам атасын сурай бергенинен асманга кетти дедик. Башында эч кимибиз менен сүйлөшпөй, атам учуп кетти, жүрөгүм ооруп атат деп бизди ыйлатып жүрдү.

— Байке өзү жетимдиктин азабын көп тартканын айтып калчу эле. Өзү жетпеген мээримди балдарына болушунча төксө керек?

— Ооба, атасы 28 жашында каза таап, кайненем үч баласы менен төркүнүнө келиптир. Кийин балдары таенесинин колунда калып, Зайыр 6 жашта экен. Апам коңшу айылга турмушка чыгып, дагы үч балалуу болгон. Зайыр бала кезин арман менен эскерчү. Мээримге, эненин сүйүүсүнө тойбой чоңойдум дечү. Апасын сагынганда аны көрүүнүн амалын кылып, кыштын күнү атайын карга оонап, өзүнө өзү суук тийгизип жатып калчу экен. Айткандай эле апам баласынын ооруганын укканда жөө-жалаңдап жетип келчү тура. Кээде эч ким жок жерден, токойдон үнүнүн жетишинче “апаа, апоооу!” деп кыйкырып алсам жеңилдеп калчумун деген. Ал күндөрүн айтып берсе ыйламайын уга албайсың. Кийин чоңойгондо алты бир тууган биригип, камыр-жумур болуп катышып калышкан эле. Зайыр балдарына идеалдуу ата болду десем болот. Не бир сонун сөздөрдү таап эркелетчү. Балдары менен маңдай-тескей отуруп алып, ар кайсы теманы талкуулаганды жактырчу, ыр окуп берчү, ар бир тамакка чогулганыбыз өзүнчө үй-бүлөлүк майрам болчу. Өзү аскерде кызмат өтөгөн жок, Назымды аскерге чакырганда “мекенге кызмат кылып кел” деп жандили менен колдоду. Мекенчилдикке үндөгөндөн тажачу эмес. “Бут алдыңарда жаткан таштандыны алып койсоңор, ошол да мекенге болгон сүйүү” деп калчу. Кыздарына келгенде сүйүүсү башкача ачылды. Чектен чыгып эркелешсе да ою менен болуп, мээрим төгүп турчу. Негизи сүйүүгө канып чоңойгон баланын жандүйнөсү баары бир башкача болот экен. Муну мен өз балдарыман көрүп атам.

— Сизгечи? Сезимдерин кандай билдирчү эле?

— Көбүнчө ыр менен билдирчү. “Жүрөктөгү кусалык” деген чыгармасын мага арнап жазган. Бир ирет экөөбүз Жаш Гвардия бульварында басып келе жатып таарыныша кеттик. Мен алдыга басып кеттим, ал артымда калган. Жаан жаап аткан болчу:

Сооротор сөздү таба албай,

Соңуңдан ээрчип барам жай.

Суу болуп бүткөн боюбуз,

Куюлат нөшөр аянбай.

Боздотуп жүрөк кылдарын,

Бошотуп мынча кыйнадың? 

Шоокумун коштоп жамгырдын,

Шолоктоп неге ыйладың? – деген саптарына кийин обон жазылып ырдалып калды. Ошондо “ушул чыгарманы сага арнап жазгам” деп айтып берип атпайбы.

— Акындар бөтөнчө кыялкеч, көроокат менен иши жок, ажайып жандүйнөсү бар адамдар болот эмеспи?

— Экөөбүз 17 жашыбызда баш коштук. Тууган да болуп кетебиз. Кайненем мени байкап көр деген го, биздин үйгө келип, үч-төрт күн жүрүп кетти. Ошондо купулуна толгон окшойм. Көп өтпөй баш коштук да, элден бата алып шаарга келе бердик. Жашаганыбыз батир, жаңы тирликпиз. Ал окуйт, иштейт. Мен соода кылып, ага жардам берип аттым. Кийин балалуу болгондо кенедей балдарды төркүнүмө таштап, кошо иштеп жүрдүм. Ошентип өз күчүбүз менен үйлүү-жайлуу болдук. Менин оюмча Зайыр болгон дитин, жандүйнөсүн чыгармачылыкка толук арнаса, мындан да жакшы ырлар жаралмак. Бир эле учурда үй-бүлөнүн камын, балдарынын кем-карчын ойлоп, көроокатка көп убактысын арнады. Төрт балама татыктуу билим берип, бутуна тургузушум керек деп жүрүп өттү. Олжобай Шакир жашоо-шартыбызды тартып чыгарганда алгач капа болдум. Кийин ойлонуп көрсөм, туура эле экен. Чындыкты кайда жашырасың? Олжобай агайдын айтканында калет жок, жолдошум үй-бүлөнү камсыз кылуу үчүн кара жанын карч уруп эле иштеп жүрдү. Азыр эми балдардын түйшүгү, келечеги менин колумда калды. Уулдарым Кудайга шүгүр, арка-жөлөк болгонго жарап калышты. Күнүмдүк жашообузга деп чакан дүкөн ачып иштетип атабыз. Белди бекем бууп, жашоону улантууга аргасызмын.

Lady.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер