Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акжолтой Тукунов кыйын кезеңде Эртай Искаковду колдобой койду

Акжолтой Тукунов кыйын кезеңде Эртай Искаковду колдобой койду

21-июль, 15:22
442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жакында Сокулук районундагы жол тосуу боюнча активист Эртай Искаков камакка алында. Бул жигит Ленин районунан парламенттик шайлоого аттанып, коомчулукка тааныла түшкөн. Көз карандысыз саясат жүргүзгөнү, жаштардан чыккан демдүү өкүл катары бааланганы ырас. Мандат күрөшүндөгү аламанда сакалчан шериги Акжолтой Тукунов кызуу колдоп, алкоо маанисинде ой-пикирлерин айтып калчу. Ийгилик жылмайса эриш-аркак жармашып, келечектен үмүт кылса керек да... А эң кызыгы, Эртай камакка алынып, жамандык башына келгенде Акжолтой бир ооз жылуу сөзүн айтканга жарабай, жадагалса сотуна да келбей койду. Көшөгө артынан бийлик менен ымдашып кеткенби? Мындайча алганда, дин жолунда жүргөн жаштарды туруктуу болобу (?) деп ойлосок, тескерисинче, кыйынчылык кезеңде “куйруктарын түйүп” кете беришет тура. Бул таризден мисал кылсак, Акжолтой Тукунов таянган тоосу Эртай Искаковдун башын аттап, сатып кеткени ушулбу? Эми сакалчандарга кантип ишенебиз? Баш чайкайсың да... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер