Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Русланбек Жакышов, ЖК депутаты: “Эки жылдын ичинде үч мектеп бүтүп, пайдаланууга берилди”

Русланбек Жакышов, ЖК депутаты: “Эки жылдын ичинде үч мектеп бүтүп, пайдаланууга берилди”

05-июнь, 22:23
467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Русланбек Шергазиевич, кечээ жакында округга барып келиптирсиз, шайлоочуларыңыз кандай көйгөйлөрдү айтышты?

-Элет жериндеги эң башкы көйгөй – бул мектеп, бала бакча эмеспи. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Бакай-Ата районундагы Шадыкан, Миң-Булак, Кыргызстан айылдарында эки жылдын ичинде үч мектеп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул элет жеринин тургундары үчүн чоң жетишкендик, майрам болду. Жакында барганда дыйкандар жазында эккен эгиндерибизди күзүндө сата албай калып жатабыз деген көйгөйлөрүн билдиришти. Дагы бир көйгөй – былтыр суу үчүн жылына 500 сом төлөшсө, быйыл гектарына 500 сомдон төлөп жаткандарын айтышып, бул көйгөйдү Жогорку Кеңештен айыл чарба министрлигине жеткирип коюуну суранышты жана жер арыктаганына байланыштуу түшүмдүүлүк азайып жатканын айтышты. 

-Талас–Тараз жолунун курулушу боюнча кандай жаңылык бар?

-Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ТаласТараз жолун куруу боюнча Айтматов районунда иштер башталды. Эл аралык деңгээлдеги чоң жол болот. “Эки жылдын ичинде бүтөт” деп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып кетти. Азыр элдин баары кубанычта. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер