Акыркы кабарлар
» Коом » Түркияда кыргызстандык кыз сойкулуктан куткарылды
Түркияда кыргызстандык кыз сойкулуктан куткарылды
09-октябрь, 12:55

Түркиянын Анталья шаарында аялдарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Куткарылгандардын арасында кыргызстандык кыз да бар. Бул тууралуу Haberler сайты билдирди.
Жалпысынан 7 аял куткарылган: алардын арасында кыргызстандык, Молдованын жарандары жана Түркиялыктар бар.
Сойкулукка мажбурлаган кылмыштуу топто 7 эркек адам болгон жана аларга кылмыш иши козголду.
Аryba.kg