Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Суваналиев сактап калган Аксай, Арпа, Жетим-Тоону Алтынбек Эргешов “иштетеби”?

Өмүрбек Суваналиев сактап калган Аксай, Арпа, Жетим-Тоону Алтынбек Эргешов “иштетеби”?

15-июль, 19:30
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакиев режими тушунда кытайлар менен долбоор башталып, Аксай, Арпанынын аймагына логистикалык борбор куруу, чек арабызды 45 чакырымга бери жылдыруу демилгеси көтөрүлгөн эле. Биздин жетекчилер макул болушуп (Токон Мамытов да бар), коңшулар беш үй курууга жетишип, иш баштаганы калышканда, губернатор Өмүрбек Суваналиев эл менен бирге ата-бабабыздын жерин сактап калган. Ошол маалда Жетим-Тоого кытайлар чалгындоо жасашып, казууга даярданып калышканын да эскертели. Карапайым калкыбызга толук маалымат жеткен эмес. Мындай шартта генерал Суваналиев кайрадан Бакиевдердин кылмыштуу кылыгына каршы чыгып, нарындык патриотторду чогултуп, ат менен Жетим-Тоого барышып, каршылык көрсөтүшкөн. Учкай тарыхын уласак ушундай. Андан ары эмне болду? Нарын облусунун губернатору Суваналиев бийлик менен жылдызы келишпей, кызматын таштап баса берет. Ордуна Курманбек Бакиевдин мурдагы жардамчысы, Жети-Өгүз районунун акими Тынчтыкбек Чекиев келгени эсибизде. Кайрадан Аксай, Арпа, Жетим-Тоону “жең ичинен” пулдаганы жатышканда, жарым жылга жетпей 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшү ишке ашат. Ошону менен Бакиевдердин саткын саясаты токтогон... Тилекке каршы, жакында Бакиевдин дагы бир жардамчысы, жакын адамы Алтынбек Эргешов Нарын облусун жетектегени барды. Кайрадан Аксай, Арпага логистикалык борбор куруу, Жетим-Тоону иштетүү маселеси көтөрүлө баштаганы кандай? Кыргызстан уттурбайбы? Бул маселеге дагы кайрылабыз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер