Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавируска каршы чыккан дары жүздөгөн адамдарды сакайтууда
Коронавируска каршы чыккан дары жүздөгөн адамдарды сакайтууда
27-март, 13:35

Улуттук биотехнологиялык өнүгүү борбору вирус жуктуруп алгандардын 320 бейтапка изилдөө иретинде эксперимент жүргүздү.
Кытайда GOVID-19 вирусуна каршы авиган препаратын колдонулуп жатканын NHK телеканалы кабарлады.
Улуттук биотехнологиялык өнүгүү борбору вирус жуктуруп алган 320 бейтапка колдонуп көргөнүн билдирди. Авиган препаратын колдонгон бейтаптардын дене табы 2,5 суткада нормалдашса, кээ бирлериники бул процесс 4 суткага чейин жеткен.
Бул препарат бейтаптардын 4,5 күндө жөтөлдөн арылууга жардам берген. Ал эми авиган препаратын колдонбогон бейтаптар 6 күн бою жөтөлү токтогон эмес. Бул табылганы колдонгондор төрт күндөн кийин кайрадан тест тапшырганда, коронавирус жок болуп чыккан. Ал эми калган бейтаптар бул илдеттен арыла алган эмес.