Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Алиев: “Үйлөрүн, унааларын күрөөгө коюп шайлоого баргандарды угуп, жакамды кармадым”

Медер Алиев: “Үйлөрүн, унааларын күрөөгө коюп шайлоого баргандарды угуп, жакамды кармадым”

01-декабрь, 11:44
1 851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ишеним” партиясынан депутаттыкка талапкер Медер Алиев шайлоо тууралуу өз пикирин жазды.

“Ээ таңгөрү десе... Заманың кургур. Угуп, жакаңды кармайсың… Канча деген депутаттыкка талапкерлер үйлөрүн, машинелерин күрөөгө коюп, сатып, миллиондогон акчаларды карызга алып, өтпөй калышып, азыр ооруп больницага жатып калгандары бар экен. Күлкү эмес, ыйлай турган жагдай. Кээ бирлери эми эптеп шайлоону жокко чыгарабыз деп үмүттөрүн өчүрө албай жатышыптыр.

Бир региондо утулуп калган кандидаттар өзүбүздүн кыргыздар экен, бир ынтымакка келише албай, добуштар чачырап кетип, эми ошол региондо жашаган башка улуттун өкүлдөрүн силерге көргөзөбүз деп жатышыптыр. Кыйраттыңар, шайлоодо утулсаңар, башка улут күнөөлүүбү?!

Өмүрүндө он кишинин добушун ала албаган, 30 жыл аралыкта саясатта жүрүп кыргызды азыркы акыбалга алып келген, элдин ишениминен давно чыккан талапкерлер да жүрүшөт дейт ызылдашып, “добушум уурдалды дешип. Таңгөрү, шайлоонун шайтан оюну. Адамды айбан кылган шайлоо. Күтө туралы, провокацияга алдырбайлы, кол менен эсептөө бүтсүн, бүт тараптар ошого катышсын. Баары мыйзам чегинде болсун” деп жазган Медер Алиев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер