Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы жылды кайсы өлкөдө кандай тосушат?

Жаңы жылды кайсы өлкөдө кандай тосушат?

27-декабрь, 09:00
779 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы жылды тосуу боюнча ар бир өлкөнүн кылым карыткан каада-салты бар. Бир гана ар бир элде кубаныч, ишеним, ак тилектер бирдей, окшош. Төмөндө жаңы жылды дүйнө элдери кандай тосоруна көңүлүңүздөрдү бурууну туура таптык.

Австралияда жаңы жыл расмий түрдө 1-январда майрамдалып, ал мамлекеттик майрам катары эсептелет. Бул күндү көпчүлүк австралиялыктар деңиз жээгиндеги ысык кумда, жаратылышка чыгып өткөрүшөт. Жаңы жылдын шаанисин чыгарган балатынын, анын көркүн чыгарган ар түрдүү оюнчуктардын жоктугунан, Аяз ата эл алдына бөтөнчө кооз, сууга түшчү кийими жана жасалма сакалы, кичинекей коңгуроолор тагылган кызыл топусу менен чыгат. Белгилей кетүүчү жагдайлар, биздегидей түнкү саат 12ни күтүшпөйт.

Австрияда жаңы жыл тосуу майрамы 4-декабрда эле башталат. Өлкөдөгү шахтёрлор жашашкан аймактарда шахтёрлордун колдоочусу – ыйык Варвара фестивалы өтөт. Бул күнү ар бир үй-бүлө чиенин бутакчасын сууга коюшат. Себеби, ар бир үй-бүлөдө бул бутакча туура Рождество майрамында гүл ачып, бакыт алып келет деген бекем ишеним бар. Ал эми 5-декабрь күнү үй-бүлө мүчөлөрү бут кийимдерин тазалап, кире беришке коюшат. Эртеси эртең менен ыйык Николай белек алып келди бекен?” деп текшеришет. Бул үмүт бир айга созулат.

Эквадордо жаңы жыл алдында “жаман күйөөлөр” тууралуу “жесирлердин ыйын” өткөрүүнү салтка айландырышкан. Чынында “жесирлерди” аял кийимдерин, баштарына парик кийишкен эркектер аткарышат. Алар мындай аракеттери менен өздөрүнүн аялдарынын алдында кетирген күнөөлөрү, жаман жүрүм-турумдарын актоо үчүн жасашат.

Грецияда жаңы жыл алдында мейманга келгендер чөнтөктөрүнө толтуруп келген чоңураак таштарын “үйдүн кожоюнунун байлыгы жаңы жылда ушул таштай оор болсун, ал эми кожоюндун көзүндөгү ачкөздүк ушул майда таштардай өтө эле кичинекей болсун деген тилектерди айтышат. Мындан тышкары, гректер жаңы жыл түнү ыйык Василий бут кийимдерин белектерге толтурсун деген тилекте үйдөгү мештин жанына тизип коюшат.

Чилинин кичинекей Талька деген шаарында эмнегедир жаңы жылды көрүстөндө тосушат. 20 жылдан бери Тальканын жашоочулары жаңы жыл түнү шаардагы көрүстөнгө чогулушуп, ал жерде салтанаттуу куран окулгандан кийин шаар мэри көрүстөндүн дарбазасын кеңири ачтырат, келгендер жакындарынын көрүстөнүнө барып эскеришет.

Испанияда түнкү саат 12 болгондо үй-бүлө мүчөлөрү дасторкондогу жүзүмдүн 12 тогологун ооздоруна шашыла салышып, сааттын жебеси 12ни урганча тез жегенге ашыгышат. Себеби, ал ийгилик алып келет деген бекем ишеним бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер