Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аймактарда “форма 2” менен шайлоочуларды пайдалануу чатакка айланабы?

Аймактарда “форма 2” менен шайлоочуларды пайдалануу чатакка айланабы?

29-сентябрь, 23:26
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда республика боюнча 500 миңге жакын шайлоочулар “форма 2” менен добуш беришкени жатышат. Мындай аракеттер элди сатып алуу катары бааланууда. Бийликчил партияларга коомчулук тарабынан сын-пикирлер курчуду. 

Маселен, Бишкек шаарынан “форма 2” амалын колдонуу анчалык кооптуу болбошу мүмкүн. Себеби, шайлоочулар көп, бири-бирин дээрлик таанышпайт. Кайдан чууруп атышканы анчалык мааниге ээ болбой калабы? Ал эми айылдарга башка жактардан ташып келишип, добуш салдыруу опурталдуу көрүнүшкө айланчудай. “Сен кайдан келдиң? Канча миң алдың? Чотур таштабайсыңбы? Энеңди с... саткынсыңбы?” деген сыяктуу кептер айтылбасына ким кепилдик бере алат? Ооба, бул олуттуу суроолор! Аймактарда, айылдарда чоочун адамдар дароо көзгө урунат эмеспи. Жергиликтүү шайлоо участокторуна тааныбагандар эле каптап киришсе, түртүшүү жаралып, жөнөкөй гана келишпестиктер урушка айлансачы? Машиналарын, бусиктерин талкалашып, баш-көз жарылса эмне болот? Дал ушул жагын бийлик ойлонду бекен? Айтор, түйүнү чейеленген соболдорду алдыңыздарга таштап, коңгуроо кактык.

Баса, “форма 2” деген эмнеден улам чыккан? Айталы, алыскы региондордон келишип, Бишкекке же Чүйгө отурукташып калышып, каттоосу туулган жеринде болгондо гана жашаган аймагынан шайлоого барууга уруксат алышчу. Мындай жагдайда бул ыкманы пайдаланса негиздүү. Ашып кетсе республика боюнча “форма 2” көрсөткүчү 30-40 миң адамды чапчымак. А азыркы көрүнүш таза чектен чыгып кетти го?..


Aryba.kg    

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер