Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдай Турсунбекова: “Апа, ооба, сиз бул күндү атамсыз өткөрөсүз”

Айдай Турсунбекова: “Апа, ооба, сиз бул күндү атамсыз өткөрөсүз”

28-сентябрь, 17:17
1 268 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатчы Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай апасын куттуктап, атасын жоктоп эскерди.

“Бүгүн апамдын туулган күнү. Бул күн атамсыз өткөнү жатат. Апама өтө оор экенин түшүнүп турам: жылдагыдай таң эрте апамдын сүйүктүү гүлдөрүнөн жасалган гулдесте жок, атамдын өз колунан атайын даярдалган эртең мененки тамагы жок, кечкисин үй-бүлөбүз менен чогуу ресторанда апамды куттуктап, өзгөчө берген белеги жок...

Ушунун баарын биз жасасак да баары бир окшошпойт окшойт, себеби жанында бир бүтүндүктү түзгөн, сөзү жок бири-бирин түшүнүшкөн сүйүктүү жары жок. Атам менен апам бири-бирин толуктап турушчу.

Апа, ооба, сиз бул күндү атамсыз өткөрөсүз, бирок биз, сиздин балдарыңыз, жаныңыздабыз. Атам болсо ар дайым биз менен, биздин жүрөгүбүздө, өзүнүн эстелик катары калтырган ыр саптарында түбөлүккө жашайт!”

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер