Акыркы кабарлар
» Саясат » Артист Руслан Тагаев Чүй районун артка тартары алдыртан байкалууда
Артист Руслан Тагаев Чүй районун артка тартары алдыртан байкалууда
22-март, 22:39
366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мурдагы артист Руслан Тагаев Чүй районуна аким болду. Өткөн жылы бул эргул Ленин районунан парламенттик шайлоого катышып, жыдып калган. Акчага, бийликке таянса да эл колдобой койгону ырас. Артында кылган эмгеги болбосо, каяктан колдоо табат эле? Шайлоочуларды трайбалисттик амалы менен калчоого аракет жасап, бирок майнап чыкпай калганбы? Сүйлөсө эле “Төө ашуунун ары жагы...” деп балдырайбы? Трайбалисттенип, майдаланып, кокту-колоттун биримдигине гана акылы жетеби? Ошол шайлоодо добуш сатып алууга айыптала баштап, бирок камалбай, суудан кургак чыгып кеткени кандай? Жооп береби? Ток этерине келсек, Руслан Тагаевдин кыйраткан билими, тажрыйбасы жок, бирок амбициясы аттын башындай. Ансыз да ротация жемишин бербей, үч жылдан бери сын-пикир күчөп турганда, дагы кепке кемтик кылабы? Айтмакчы, Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиевге эле күч келет тура. Сабатсыз кадрлар менен өргө кантип чыксын? Профессионалдар командага чогулушса Сары Өзөндүн жүгүн тартууга жеңил болмок. Тилекке каршы, кедеринен кетирчүлөр жогортон келип жатышса, аягын кантебиз?..
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити