Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Абдиев менен Мурат Боронов ИИМдин татыктуу генералдары

Нурбек Абдиев менен Мурат Боронов ИИМдин татыктуу генералдары

21-май, 13:11
3 001 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку жылдары генералдык наамды тааныш-билиш, акча менен алгандар арбып, коомчулукта айтылып эле келе жатат. Мындай жаман адатты токтото албадык. Бирок, өз эмгеги менен жеткендер да бар. Мисалы, ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев, Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов. Ушул эки генерал өмүр бою милициянын оор түйшүгүн тартып, өз эмгектери менен көтөрүлүштү, натыйжада, жогорку чиндерди татыктуу алышты. Тарых да убагы келгенде тастыктаса керек. Ал эми башка “чоң жылдыздуу” орун басарларды атабай эле коёлу, аман эле болушсун! 

Учурда Нурбек Абдиев өлкө ичиндеги жалпы кылмыштуулукту көзөмөлдөп, алдын ала тапшырмаларды берип, жигердүү иштеп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн карматуу, диний террористтерди колго түшүрүү, жок кылууда тажрыйбасы мол. Эгерде ага эркиндик берилсе, байбачага айланышкан УКТлардын баардык лидерлерин түрмөгө отургузуп коймок. Аларга айрым төбөлдөр алакалаш болушуп, калкалап жатышса кантебиз?

Ал эми Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов генералдык чинин алганы мурдагыдан да катуу иштеп, өзүн татыктуу көрсөтүүгө, министр Улан Ниязбековдун ишенимин актоого батыл киришкендей. Чек арасы көйгөйлүү аймакта даражасы көтөрүлгөнү дем берип, коңшулар менен теңата сүйлөшүүгө да шарт түзүлдү. Ишине берилген, ак жүрөк Мурат мырзанын багынта турган бийиктиги али алдыда.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер