Наргиза Туркебекова: “Жакырчылыктын өсүшүнө коңшу өлкөлөрдөгү саясат да таасир этет”
2022-жылы дүйнө экономикасы бир топ силкинди. Россия-Украина согушу, санкциялар жана чектөөлөр рыноктун түрдүү катмарларына таасир этүүдө. Товарлар дарегине жетпей, кымбаттады. Орустардагы абал кыргыз экономикасынын өсүү темпинин басаңдашына, акча которуулардын азайышына жана эмгек мигранттарынын үйгө кайтышына алып барышы мүмкүн. Мындан улам пайда болгон киреше кыскарып, инфляциянын жогору көрсөткүчү көпкө узарып кетсе, жакырчылыкты андан бетер күчөтүп жибериши күтүлөт" деп божомолдойт Эл аралык валюта фондунун талдоочулары.
Биз бул боюнча саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекованын пикирине ортоктош болдук.
-- Кыргызстанда жакырчылыктын өсүшүнө түрткү болгон жагдайларга токтолсоңуз?
-- Акыркы маалымат боюнча жакырчылыктын деңгээли 33,3% бойдон турат. Бирок, эл аралык бейөкмөт уюмдардын жүргүзгөн ипгуна тийгизген таасири эң негизги түз көрсөткүчү болуп эсептелет. Андан тышкары, жакырчылыктын өсүшүнө жакынкы жана алыскы коңшу мамлекеттердеги саясат дагы таасир этет. Тилекке каршы, инфляция болгондуктан азык-түлүктүн баасы дагы өсүүдө, бул дагы чоң көйгөй.
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда жашоо минимуму киши башына 7242 сом деп белгиленген. Адатта адамдар анын 65%ын тамак-аш сатып алууга коротушат. Калган 17%ы кызмат көрсөтүүлөргө, 16%ы азык-түлүк эмес товарларга жана 2%ы салыктарга төлөнөт.
"Азия Ньюс" гезити