Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент белгилүү укук коргоочулардын көйгөйлөрүнө кандай реакция кылат?

Президент белгилүү укук коргоочулардын көйгөйлөрүнө кандай реакция кылат?

06-май, 19:22
388 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки күн мурун президент Садыр Жапаров белгилүү укук коргоочулар менен жолукту. Чынын айтсак, мурунку президенттер мындай иштерге кадам таштаган эмес жана алар менен эч кандай алака түзгөнүн укпаптырмын. Биз ошол жолугушууга барган укук коргоочуларга собол таштап, эмне маселелер каралганын, кандай суроолор көтөрүлгөнү боюнча жообун алдык.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Бул жолугушуунун демилгечилери биз, укук коргоочулар болдук. Ал жерде президентке кандайдыр бир суроо берип жообун алуу үчүн эмес, өзүбүздүн кылып жаткан жумуштар, көйгөйлөр, азыркы учурдагы кооптонуу маселелер тууралуу айтып бердик. Даяр мыйзам долбоорлорду сунуштап, аны кандай шартта чечүү документтерди көргөздүк. Президент эмнеге көңүл бурушу керектигин айтып кеттик. Албетте, өзүңөр билгендей, “1-сентябрга чейин митингдер болбосун” деген чечим чыккан. Андан сырткары, камоолор, кылмыш ишин козгоо, ачыктан-ачык куугунтуктоонун мотивдери көрүнүп атат. Себеби, NextTV каналы башка өлкөнүн ТИМ орун басары айтып койгон сөздөрдү Next каналына чыгарып койгондугу үчүн башчысы камакка алынып, учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. “Кактус-медиага” башка маалымат порталына чыккан жаңылыкты булак катары көрсөтүп, өздөрүнө чыгарып койгондугу үчүн “Согушту даңазалоо” деген беренелер менен кылмыш ишин козгоду. Болот Темировго карата да канча иликтөө чыкса, ошончо кылмыш ишин козгоп аткандары абдан өкүнүчтүү нерсе. Түзмө-түз эч ким кысым көрсөтпөгөнү менен башка маалымат каражаттарга кыйытма мааниде иш аракети катары кылып аткандары анча жакшы көрүнүш эмес деп ойлойм. Мына ушуларды айттык. Курултай боюнча азыноолак токтолдук. Аны кандай кылып өткөрүү керек экенин сунуштадык. Мындан сырткары, “Ачык өкмөт” деген дүйнөлүк демилге бар болчу. Пандемия учурунда токтоп калган. Орто Азия боюнча жалгыз Кыргызстан 100дөн ашык мамлекет камтыган демилгеге катышып атканбыз. Ушул ишти улантуу керектигин айттык. Жеке өзүм билим берүүдөгү көйгөйлөрдү, анын ичиндеги совет доорундагы “сметтик каржылоо” эч кандай өнүгүүгө апкелбесин, каржылоо системасын туура багытка буруу керектигин ж.б. маселелер көтөрүлдү. Эгер ушул айтылган көйгөйлөр туура жакка чечилип баштаса, анда “президент укук коргоочуларды укту. Маселелерди түшүндү” дегенди билдирет. Эгер эч нерсе алдыга жылбаса, анда өз алдыбызча жыйынтык чыгарабыз. Анткени биз деле элибиздин патриотубуз, “Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирсе экен, элибиз жыргал жашоодо жашаса экен” деп келебиз.

Нурбек Токтакунов, укук коргоочу:

-- Менин президент менен жолукканымдын себеби, “президентке күч органдардан мүмкүн туура эмес, такталбаган маалымат берилип жатат” деп сарсанаа болуп жүргөм. Менимче, президентке эч кимге алданбаган, маалыматты ар тараптуу, көз карандысыз, түбүнө чейин текшерип, ар кандай жалгандан, имиштерден тазалап,  чындыктын дал өзүн жеткирген кеңешчилер керек. Кээ бир иштер боюнча президент билбеген, ага жетпеген маалыматтарды айтсам, “Улан Ниязбековко чалам, ошого баргыла, баарын тактап берет” деп ишендирди. Министрге барсам кабыл алган жок. Ошон үчүн ойлонуп калдым, “президент жөн эле сүйлөп коёт экен. Конституция боюнча хан, бирок сөзү хан эмес экен” деп калдым. Дагы күтө туралы, убакыт бар...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер