Акыркы кабарлар
» Саясат » Курманкул Зулушев, КР башкы прокурору: “Ыштын себептерин адистер аныктап атышат”
Курманкул Зулушев, КР башкы прокурору: “Ыштын себептерин адистер аныктап атышат”
02-февраль, 19:00

31-январь күнү башкы прокурор Курманкул Зулушев ЖМК өкүлдөрүнө 2022-жылда жасалган иштери боюнча жыйын өткөрдү. Алгач өткөн жылдагы жасалган алгылыктуу иштерин тизмектеди. Соңунда журналисттердин берген суроолоруна жооп берди. Жыйынга кыскача токтолсом, Курманкул мырза ар бир тармак боюнча сандар менен фактыларды айкалыштырып, алгылыктуу иштерин баян кылды. Жалпы жонунан жеке мен “ортодон жогору” деген баа койдум. Учурдан пайдаланып, мен да суроо узатып, кыскача жооп алганымды кыстара кетейин.
-- Курманкул мырза, быйыл Бишкек шаарын ыш каптады. Бул боюнча дүйнөдө 1-орунга чыктык. Негедир ЖЭБди модернизациялаганга чейин мындай ыш каптаган эмес. “Кептин баары модернизацияда жатабы?” деген күмөн ойлор коомчулукта жаралууда. Прокуратура көзөмөлдөөчү орган эмеспи, ушул жагдайды дагы бир жолу карап чыксаңар кандай болот?
-- ЖЭБ модернизациясы боюнча кылмыш иши козголуп, тийешелүү адамдар жоопко тартылганын баарыңыздар билесиздер. Ал эми ыш боюнча өкмөт иш-пландарын түзүп атат. Аракеттерин кылууда. Ыштын себептерин адистер аныктап атышат. Быйыл жыйынтык чыгарат деген ойдомун. Биз бул боюнча четте калбайбыз. Кызматташуудан баш тартпайбыз, кыскача ушундай.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ, "Азия Ньюс" гезити