Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арзыбек Кожошев: «Казынага 30 миллиард сомго чейинки каражат түшпөй калды»

Арзыбек Кожошев: «Казынага 30 миллиард сомго чейинки каражат түшпөй калды»

19-июнь, 23:41
1 457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөткө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев учур көйгөйүнө жараша суроолорго жооп берди.

-Экономикалык оор кырдаалда жаңы түзүлгөн өкмөттөн эмнени күтсөк болот? 

-Азыр кандай курам келбесин, аларга иштөө оор болот. Себеби, кризис бир эле Кыргызстанда эмес, бүт дүйнөнү каптап жаткан учур. Курам анчалык өзгөрбөгөнүнө байланыштуу, буга чейин жасалып жаткан иштердин уланганы жакшы. Өзүңүздөр билгендей, пандемияга байланыштуу антикризистик фонд түзүлгөн. Мен болгону фондго түшкөн каражаттардын бөлүнүшү ачык болсо деген пикиримди айткым келет. Атайын сайт ачылып, анда ар бир тыйындын жумшалышы так көрсөтүлүшү шарт. Мисалы, коронавирус менен күрөшүүгө келген каражаттар каякка, ким тарабынан жумшалып жатканын көпчүлүк биле бербейт. Максималдуу ачыктык камсыздалганда, элде ишенич пайда болот. Тилекке каршы, акчанын топтолушу, жумшалышын ачык көргөзүү жаатында кемчиликтер бар. 

-Антикризистик планда ишкерлерге кандай жеңилдиктер каралган?  

-Антикризистик паландын экинчи баскычына ылайык, орто жана чакан бизнеске 14 миллиард сом жеңилдетилген пайыз менен берилет. Бул акчалар жылдын аягына чейин төрттөн сегизге чейинки пайызда – үч, беш жана жети жылга чейин бөлүштүрүлөт. Бул ишкерлер үчүн жакшы колдоо.

-Бюджеттик кыскартуулар туура жүрдүбү?

-Бюджеттик кыскартуулар максаттуу болду. Маселен, оптимизациянын натыйжасында республикалык казынадан 10 миллиард сомдон ашык акча үнөмдөлдү, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллиард кыскарды. Бирок, киреше булагынан казынага 28-30 миллиард сомго чейинки каражат түшпөй калды. Жалпысынан эл аралык каржы институттарынан 260 миллион доллардын тегерегинде акча келди. Каражаттар бюджеттин тартыштыгын толтурууга, кризистен чыгууга багытталган. Кризистин канча убакытка уланарын эч ким так айта албайт, андыктан, биз ага даяр болушубуз абзел. 

Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер