Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асан Жакшылыков: “Башмыйзамды кынтыксыз сыйлоо үчүн аткара билели”

Асан Жакшылыков: “Башмыйзамды кынтыксыз сыйлоо үчүн аткара билели”

05-декабрь, 12:59
961 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Асан агай, 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүүнү сунуштагандар чыкты. Алардын сунушу орундуу элеби?

-- Орундуу. Ал турсун 1993-жылкы Башмыйзамга кайрылуу – азыркы учур үчүн өтө актуалдуу маселелердин бири. Анткени, ал мыйзамдарды ийне-жибине чейин иликтешип, эки жылдан ашык убакытта жазышкан. Ал Конституцияны эч нерсени аңдабаган “чимкирик” депутаттар эмес, легендарлуу парламент депутаттары жоопкерчилик менен иштеп кабыл алган. Бирок, ошол улуу документтин азыркыга чейин багы ачылбай келет. Башмыйзамга кесир мамиле кылуу дал ошол кезде башталган. Легендарлуу парламентти таркатып, башкы бийлик тарых кечирбей турган авантюризмге барган. Ушинтип, “ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт” демекчи, Башмыйзам менен ачык ойноп, мыйзамдуулуктун кусуру ургандай мамлекетибиз  юридикалык жактан чаржайыт абалга кептелди. Мыйзамдуулукту сыйлабаган   абалды өнөкөт кылып алганыбыздын чоо-жайы менимче ушундай. Ар бир келген бийлик Башмыйзамды өзүнө ылайык оңдойм деп жатып оңкосунан кетишкенин сезип, президенттердин түштөн кийин өкүнгөнүнөн не пайда?

-- Бирок, андан бери доор алмашты, баары өзгөрдү деп жатышат го?

-- 1993-жылдан бери чыны менен кыйла суу акты. Жылдар өттү, доор алмашты. Ал мезгил   эгемендүүлүктүн башаты эле. Ошентсе да бүгүнкү Башмыйзамды иштеп жаткан комиссия ошол 1993-жылдагы легитимдүү мыйзамды негиз кылып алса болот деген ойдомун. Мезгил өткөндөн кийин балким оңдоолор керектир...  Мүмкүн конференция өткөрүп, кем-карчын тактап, кемтигин толтуруу  да зарылдыр... Ал эми Убактылуу өкмөт учурундагы Башмыйзамды   “2020-жылга чейин кол тийгис жана оңдоого гана болот” деп жазып, бирок “жаңы Башмыйзам жазууга болбойт” деген тыюу ашкере көрүнүш. Ошого карабай, жаңы Башмыйзамды “2020-жылга чейин оңдоого болбойт” деген талапты бузуп,  Атамбаевдин учуру огобетер легитимсиз кылды. Азыр иштеп жаткан Текебаевдин Башмыйзамынын   түп нускасы жоголуп, азыркыга чейин табылбагандыктан, түп нускасы жок мыйзам “Башмыйзам” деп аталганы негизсиз. Ошондуктан, 1993-жылдагы Башмыйзамдын гана анык күчү бар. Ага кандай мамиле кылабыз – ал мыйзамдуулугубузду, мамлекеттүүлүгүбүздү сыйлагандарга жараша болот. 

Туура, турмуш дайыма жаңыланып турат, ага кечээ жазылган мыйзам тоскоолдук кылышы толук мүмкүн. Бизде үч статустагы мыйзамдар бар: биринчиси, Башмыйзам хандын эрке баласындай. Экинчиси, конституциялык мыйзамдар. Ал мыйзамдар депутаттын баласындай эркелейт. Үчүнчүсү, көп учурда иштебеген мыйзамдар. Булар карапайым элдин балдарындай. Башкача айтканда, жазган мыйзамдарыбыз эле тең укуктуулукту бузуп турат. Балким мындай абалга алып келген Башмыйзамдын биздей мыйзам сыйлабас элге кереги жоктур?.. Башмыйзамсыз эле жашап жаткан өлкөлөр бар, ошолордой эле тең укуктуу "свод основных законов" деген принцип менен кетсек, улам Башмыйзамдын айынан революция чыккан оор абалга кептелбестирбиз?.. Анүстүнө, азыр жаңы доор башталып жатат, анын мыйзам системасы кандай болот? Кыскасы, Башмыйзамды шашып кабыл албашыбыз керек. Бул мыйзамсыздыктын айынан тең укуктуулук бузулуп, айрым мыйзамдар туулбай жатып иштебей калат. Чаржайыттуулук,   коррупция деген ар ким убактылуу өз пайдасына жараша мыйзам кабыл алдыргандан келип чыгат.  Ошондуктан, мамлекет тез оңолсун десек, тең укуктуу мыйзамдарды кабыл алып, керектүүсүн Башмыйзамга кошуп,  улам  чуу чыгарып, революция кылып, түшпөс хандарды кулатып отурбай, тармакташкан (бийлик, сот, жарандык) мыйзамдар аркылуу   мезгилди эске алып, турмушту мыйзамдаштырып турууга кантип болбосун?! Мамлекетибизде мыйзамдуулукту туура орнотуу үчүн Башмыйзамды кынтыксыз сыйлоого жана аны аткарууга көнүшүбүз керек. Атка минген эле кыргыз өзүн тоо сезе берген биздин менталитетибизге ылайык мыйзамга ээ бололу! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер