Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстанда акыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу күйүүчү май кандай баада болот?

Казакстанда акыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу күйүүчү май кандай баада болот?

06-январь, 02:30
1 061 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстанда акыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу суюлтулган газга, бензинге жана дизелдик отунга (күйүүчү-майлоочу май) болгон бааларды 180 күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык-экономикалык абал боюнча жыйында билдирди. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов Tazabek’ке мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилиши жана коңшу өлкөдөгү курч кырдаал Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө кандай таасирин тийгизерин айтып берди.

Акыркы маалыматтарга караганда, “Казакстан аркылуу республикага күйүүчү-майлоочу майларды ташуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө” деди ал. «Биз Казакстандан бензин сатып албайбыз. Ошондуктан коңшулар менен болгон кырдаал күйүүчү май менен камсыздоого кандай таасир эте турганын так айта албайбыз. Чек араларды жаап коюшса, анда биз чогулуп, канча корук (запас) бар экенин көрөбүз, ошондо конкреттүү жооп айтууга болот. Азырынча күйүүчү-майлоочу май штаттык режимде жеткирилип жатат» деп түшүндүрдү нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси. 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер