Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Русланбек Жакышов: “Бизде солярканын баасы 75-80 сомго көтөрүлдү, Казакстанда эки эсе арзан экен”

Русланбек Жакышов: “Бизде солярканын баасы 75-80 сомго көтөрүлдү, Казакстанда эки эсе арзан экен”

21-октябрь, 19:01
443 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Русланбек Шергазиевич, буга чейин Казакстан менен чек арадан өтүүнү жеңилдетүү боюнча маселе көтөрдүңүз эле, чечилчүдөйбү?

-- Өткөндө эл менен жолугушканы барганда шайлоочулар азык-түлүктөрдүн, күйүүчү майлардын кымбаттаганы боюнча маселе коюшту. Солярканын баасы 75-80 сомго чыкты. Ошол эле учурда кошуна Казакстанда солярка эки эсе арзан, 30-40 сом экен. Ошондон улам карапайым калк “кошуналар менен сүйлөшүп, чек араны убактылуу ачып бербейсиңерби?” деп суранышты. Бул боюнча ТИМ, бажы кызматы иш алпарууга тийиш. Же көмүр маселесин алалы. Азыр 6500-7000ден сатылууда. Эртең кар жааса 10 миң сомго чыгып кетпесине ким кепилдик берет? Ушул маселелер боюнча өкмөткө тапшырма бергенбиз. Алар “Кудай буюрса, көмүрдүн баасын азыр 6 миңге түшүргөнгө аракет кылып жатабыз, болгон көмүрдүн баарын алыскы региондорго ташып баштадык” дешти. 

-- Баса, Талас–Тараз жолунун курулушу азыр кайсы стадиясында?

-- Жол Талас шаарынын аймагы бүткөн жерге барып токтоп калган. Эки жылдан бери эч кандай жылыш жок. Бул гранттын эсебинен салынып жаткан жол экен. Былтыр мен маселе көтөргөндө “2023-24-жылы Казакстандын чек арасына чейин жеткиребиз” деп убада беришкен. Ишке ашарына үмүт бар. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер