Акыркы кабарлар
» Коом » Вакцина албаган дагы бир бейтап кайтыш болду
Вакцина албаган дагы бир бейтап кайтыш болду
22-декабрь, 11:56
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 22-декабрга берген маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Каза болгон жаран вакцина алган эмес.
Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2787 киши көз жумду. Соңку бир суткада 50 адам коронавирусту жаңы жуктурганы аныкталды.
- Бишкек шаары – 18
- Жалал-Абад облусу – 10
- Чүй облусу – 5
- Ош шаары – 1
- Ош облусу – 10
- Баткен – 1
- Нарын облусу – 1
- Ысык-Көл облусу – 4.