Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Машинам кредитке алынганы билинип калып, сүйүүбүз бүттү...

Машинам кредитке алынганы билинип калып, сүйүүбүз бүттү...

21-ноябрь, 14:27
1 197 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үч уктасам түшүмө кирбеген жагдайга туш болдум! Душманым болсо бир жөн, жанымда жаткан күйөөмдөн муну күткөн эмесмин. «Жанулям» деген сөз дароо «турчу арыга» алмашты. 

Сиңдим экөөбүздү апам жалгыз багып чоңойткон. Суукка карабай базарда иштейт эле. Кечинде колдору кызарып, тытылып, шишип келгенин көрүп жаным кейийт. Кремь сүйкөп берип жатып, «кичине чыдап туруңуз, чоңойсом сизди эч нерседен кем кылбайм» дейм. Тырышып жүрүп тилегиме жеттим. Атам апам менен ажырашып, башкага үйлөнүп алган боюнча дайыны жок. Үч жумушта иштеп, окуума жетишип, тил курстарына барганга үлгүрүп жаттым. Чарчаганымдын жаздыкты кучактап ыйлаган күндөрүм көп болду. Бирок апамдын колдорун эстээр замат чыйрала түшөм. «Кичине чыдап кой»,- деп өзүмдү алаксытып жүрдүм.

 Акыры апама бүт шарты бар батир, өзүмө бир машина алып, «өх-х» деп терең деп алдым. Анан үч күн турбай уктадым... 

Күйөөм башта өзгөчө камкор эле. Улам жазып акыбалымды сурап, иштеген жериме тамак же гүл жөнөтөт. Жумуштан чыксам тосуп алып, үйгө чейин узатат. Ишенесиңерби, кайда иштейт, эмне менен алектенет (?) деги сурабаптырмын. Сүйүүгө толгон жүрөгүм, «мага турмушка чык» десе дароо макул болду. Андан кийин кызыкдар башталды... “Жумуш жок!” Баш кошкондон бери ушинтип коюп үйдө жатат. Башында түшүнгөнгө аракет кылып жүрдүм. Бара-бара менден акча сурачу болду. Уруштарыбыз көбөйдү.

— Мен байдын кызы эмесмин.

— Апаңа батир алып бербедиңби, бизге дагы ал.

— Мен ал батирге тамак ичпей жүрүп акча топтогом.

— Азыр дагы ошент.

Таң калып туруп калдым. Эң кызыгы, минип жүргөн машинам кредитке алынганын билгенден кийин таптакыр кабагы бүркөлүп, мага жолобой калды..

Күндөр өтө берди... Азыркы жолдошум башкача. Апама батир алып бергенимди билгенде, «аябай чарчапсың, болду, сен эс алышың керек»,- деп оозумду ачырды. Мен мунун баарын эмнеге айтып жатам? Мактанайын деген жокмун. Болгону мыкты эркектер бар. Бир келген өмүрүңөрдү силерди сыйлабаган адам менен өткөрбөгүлө, өткөргүм келген жок. Ажырашып кеттим. Аркаман чуркап, жумуш тапканын айтып жүрдү. Ишенген жокмун. Силер дагы ишенбегиле.


bilesinbi.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер