Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элибиздин келечекке карай тандоосу – генерал Сүйүнбек Өмүрзаков!

Элибиздин келечекке карай тандоосу – генерал Сүйүнбек Өмүрзаков!

20-октябрь, 20:15
295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурдагы парламент депутаттары электен өтүүдө. Ак-карасы талданып, элге иштегени жана бийликке кошомат кылганы иргелип, өз ара бөлүнөт эмеспи. Мындай алкактан алып караганда, азырынча он чакты депутат туруктуулугу, калыстыгы, мыйзамды сыйлаганы менен өзгөчөлөнүүдө. Сап башында Сүйүнбек Өмүрзаковдун баратканы талашсыз чындык. 

Каарманыбыз жаш курагынан мамлекетчил мүнөз күтүп, милициянын ылдыйкы баскычынан баардык тепкичтерди өтүп, ИИМдин 1-орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Өмүр баянына саресеп салсак, мекенибизге ак кызмат кылганы, чыр-чатактан алыс турганы, кайсы гана кызматты аркалабасын, өздүк курамга үлгү жаратып, коомдук-коопсуздук абалды ырааттуу көзөмөлдөп, чыныгы тартип сакчысы катары таанылганы белгилүү. Чет өлкөдөн алган билими, өмүр бою жыйнаган тажрыйбасы элибизге буюрган экен. Кыска аралыкта Сүйүнбек Өмүрзаков депутат, комитет төрагасы болуп, өзүн профессионалдык деңгээлде көрсөтүүдө. Калыптанган түз көз карашы, чайпалбаганы, салмактуу мүнөзү менен көптөрдөн айырмалана баштады. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, алган багытына жараша ак-караны ажырата билгени, кыраакы кадр, талдоочу таризинде мамлекетке кызмат кылуунун таза жолун тастыктады.

Генерал агабыздын аша турган ашуусу, кече турган суусу али алдыда. Элибиздин келечекке карай тандай турган каарманы ушул. Аныгында, ак, адил, адамгерчиликтүү, ыйманына камчы чаппаган сапаттары менен алыска чуркачудай. Мындай инсанга бел боло турган азаматтар куралып, тарапташтары эл ичинен тегиз баш көтөрүп чыкса керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер