Акыркы кабарлар
» Коом » Үч гана партия БШКга документтерин кынтыксыз тапшырган
Үч гана партия БШКга документтерин кынтыксыз тапшырган
26-август, 12:08

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышуу үчүн үч гана партия документтерди кынтыксыз тапшырганын билдирди. Алар: “Мекенчил”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары. Жогорудагы аталган партиялардан башка партиялардын талапкерлери тууралуу маалыматтар жетишсиз, айрымдарынын тизмеси толук эмес болгон. Аларда эки күн аралыгында, тагыраагы, 25-26-август күндөрү документтердеги кемчиликтерди оңдоого мүмкүнчүлүктөр бар.
Эске салсак, 24-августта партиялардан тизме тууралуу тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыкталып, 17 партия эрежелерди аткарганы айтылган. Бирок, көп узабай «Кыргызстан» партиясы документ тапшыруу шарттарын бузганы кабарланып, 25-августта документтери артка кайтарылган.Азыркы тапта “Кыргызстан” саясый партиясынын өкүлдөрү бул маселе боюнча сотко кайрыларын билдиришти.