Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекеттин тил саясатын жөндөй албаган Сыртбай Мусаев

Мамлекеттин тил саясатын жөндөй албаган Сыртбай Мусаев

13-декабрь, 18:00
1 290 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев деген бар. Ал качан болсо “бөрк ал десе баш алып”, кызылды көрсө баса калып көнгөн эргул катары сыпатталат. Ошол Сыртбай Мусаев президент ишенип берген мамлекеттик тил саясатын жүргүзө албай, Россиянын элчилиги расмий комментарий берүүгө мажбур болду. Ийгилик, кемчиликтери, өзүнүн табигый жолу менен өнүгүп жаткан тилди Сыртбай Мусаев мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, “бир заматта эле өнүктүрүп, гүлдөтүп жиберем” деген алабарман саясат жүргүзгөнгө өтүптүр. Убагында КТРКнын президенти кызматында турганда аны “кара үкөккө” айландырып, Аскар Акаевди элге суук тумшук көрсөткөндөрдүн бири да ушул Сыртбай Мусаев экен. Эми болсо, анын чолок саясатынын негизинде иштелип чыгып, сунуш кылынган ультраулутчул идеяларга сугарылган тил мыйзамынын долбоору улут аралык жаңжалдардын чыгышына себеп болгон “чагымчыл” мыйзамга айланбайбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер