Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Астролог Жанар Кадыралиев түрмөдөгү үч саясатчыга токтолуп, кайсы айдын кооптуу экенин айтты

Астролог Жанар Кадыралиев түрмөдөгү үч саясатчыга токтолуп, кайсы айдын кооптуу экенин айтты

04-апрель, 22:56
5 538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, азыр бир топ саясатчылар түрмөдө, үй камагына чыккандар да бар. Алардын алдыдагы тагдырына асмандагы жылдыздардын жайгашышы таасир береби? Эгер конкреттүү инсандар жөнүндө болсо бир аз токтолосузбу? 

-- Эми Сурат мырза, мен үч саясатчыга токтолгум келип атат. Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Кубанычбек Жумалиев тууралуу. Алар боюнча чындыкка жакын божомолумду айтып берейин... 

Атамбаевдин ден соолугу боюнча кооптуу нерселер бар. Бийлик башындагылар, жогорку бутакта отургандар түрмөдөн чыгарбаса, аркасы жакшылык менен бүтпөйт. Атамбаевдин кокус көзү өтүп кетчү болсо, ошондо эл катуу чыгат. Атамбаевдин эле жактоочулары, тарапташтары эмес жапырт эл көтөрүлүп, катуу толкундоо болуп кетиши ыктымал. Жылдыз төлгөсү боюнча ден соолугу алсырап турган мезгил. Эми мени угушса уксун, укпаса коюшсун. Бирдеке болуп кетсе, бийлик башындагылар катуу жооп берип калышат.

-- Сөзүңүзгө аралжы, астрологдорго башка мамлекеттин башчылары кандай мамиле менен карашат, ушу боюнча маалыматыңыз барбы?

-- Бар. Алсак, орустардын Михаил Левин деген астрологу бар. Путин баш, Думанын депутаттары төш болушуп, Кремлден атайын кабинет беришкен. Ошонун айткан-дегендери менен эсептешип, кеп-кеңешин угуп турушат. А бизде андайдын карааны да жок, баштары жетпейт...  

-- Атамбаевдикин уктук, Курсан Асановдукучу?

-- Курсан мырзанын карьерасы азыр ай алдында өтүп атат. Ай эки жылдан бери 10 сектордон өтүп, тез өзгөрүүчү сызыкка дал келүү менен карьерасына таасирин тийгизүүдө. Кой-Таш окуясы, андан кийинкилери болуп, 5-6 айдын ичинде өзгөрүүлөр токтойт. Курсан Асанов түрмөгө көпкө деле отурбайт. Кээ бирлерине окшоп 6-7 жылга созулбай жакынкы арада чыгат. Чыккандан кийин ишмердүүлүгү уланат. Мүмкүн Жогорку Кеңешке депутат болот. Же жогорку кызматтарга келиши да күтүлүүдө. 

-- Кийинки инсаныбыз Кубанычбек Жумалиев?.. 

-- Бу киши Букачар жылдызы. Букачар менен Текечер жылдызындагы адамдарга кыйын болуп турган кез. Сатурн менен Уран планеталары алдында начар түзүлүштө экени байкалат. Сатурндун өкүлү Мухамметкалый Абылгазиев. Анын тагдырын азырынча айтпай турайын. Урандыкы Кубанычбек Жумалиев. Кубанычбек мырза 30 жылга жакын (Акаевдин тушунан бери) жакшы эле жашады. Эми абайлабаса бу адамдыкы 6-7 же 10 жылга чейин созулуп кетиши ыктымал, же андан да ары кетип калат. Эл жанын койбойт, кыйнай берет өңдүү. 

-- Саясаттагы кырдаал боюнча да эки ооз сөз кыстара кетиңиз?..

-- Өткөндө бир журналист “жаздагы парламенттик шайлоо кандай болот?” деп сураганда “чыңалуу күч алат” деп ток этер жерин айтып койгом. Бийлик башындагылар коркуп кеткен окшойт. Эми шайлоону күзгө жылдырып ийишти. Анысына деле мейли. Бирок, күздө парламенттик шайлоону эптеп-септеп өткөрүшү мүмкүн. Анүчүн бийлик башындагылар өздөрүнүн кылган тескери иштерине декабрь айында жооп берип калат. Чоң өзгөрүүлөр болот. Эл толкундайт. Эгер парламенттик шайлоону андан ары калтыра турган болсо, “жанагы Жанар Кадыралиев аттуу астролог айтты” дешип, 2022-жылга жылдыра турган болсо, элдин кайнаган кыжырын, толкундоолорду эч бир күч токтото албай калат. Акыл-эстери болсо шайлоону эми жылдырбасын. 

-- Ага чейин деги тынч эле болобузбу?

-- Келаткан жайда, тактап айтканда, июнь айында, күн тутулган мезгилде ары-бери толкундоолор болот. Оппозиция-позиция козголот... Анткен менен декабрь айындагыдай катуу чыр-чатактар күтүлбөйт. А эң негизгиси, декабрь айы коркунуч жаратып атат. Былтыркыдай болуп шайлоонун эртеси эле эмес, именно декабрь айы өтө кооптуу.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер