Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азыр 55 миң доллар төлөсөң, Эверестке чыгарып келишеби?

Азыр 55 миң доллар төлөсөң, Эверестке чыгарып келишеби?

29-май, 22:41
2 824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы убактарда Эверестти эңсегендердин, чыгууга кызыккан адамдардын саны арбыды. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң бийик чоку – Эверестти багынтууну каалагандар 55 миң доллардан ашык каражат коротууга даяр болушу керек. Бул сумма бир адамга эсептелет жана ага керектүү баардык кызматтар кирет.

Мурунку жылдарга салыштырмалуу чыгымдар кескин өскөн. 2003-жылы, мисалы, 12 адамдан турган топко болгону 3 шерпа кызмат көрсөткөн болсо, азыр алардын саны 12ге жеткен. Ошондой эле кычкылтек баллондорунун саны да эки эседен көбөйгөн: мурда ар бир альпинистке 3 баллон берилсе, азыр 6 баллон менен камсыз болушат.

Экспедициялардын сапаты азыр кыйла жогорулаган. Эверест базалык лагерлеринде эми мончо, телевизор, интернет сыяктуу ыңгайлуулуктар да бар. Мунун баары адамдын аман-эсен чокуга чыгып келүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат. Бирок ошого карабастан, Эверестке чыгуу – тобокелдик менен коштолгон чоң сыноо бойдон калууда. Мурун чокуга чыныгы альпинисттер гана барса, азыр акча төлөгөн ар ким аракет кылып көрө алат. Жандоочуң жарашса. Ошондуктан физикалык даярдык менен катар руханий бекемдик да маанилүү. Көпчүлүк мындай учурларда “Кудайым сактасын!” деп тилек кылып жолго чыгууга жол ачылды.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер