Турусбек Мамашовдун ресторандар ордосун, гектарлаган жерлерин УКМК байкабай атабы?

Мурдагы бийликтер учурунда гектарлаган жерлерди ээлеп алгандардын айыптары ачылып, чекесинен камакка алынышып, ишпалдалары чыгууда. Көз будамайлоо менен басып алган имараттар, жерлер мамлекетке өтүп келет. Мындай алкактан алганда, “Дасмия” ресторандар борборунун ээси Турусбек Мамашовдун айлакерлигине таңгалгандар чыгууда. Бир канча гектарлаган жерлерге убагында оңой-олтоң жетсе, ири пайда түшө турган ресторандарды курса, мамлекетке кандай пайда келтирди? Өзүнүн бизнеси гүлдөп атат, кызы Айсулуу Мамашованы акчанын аркасы менен улам депутат кылат. Айтор, ушулардыкы эле жыргал. Ал эми “Дасмия”, “Айкөл Ордо”, “Чарпая” ж.б. спорт комплекс, оюн-зоок өткөрүп аткан имараттары, жерлери кандайча менчикке алынган эле? Ушул боюнча эл астында отчёт бере турган убагы келди да, туурабы? УКМК мыйзамдуулук, адилеттүүлүк таризинде эмне дейт? Калыстык керек. Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити