Акыркы кабарлар
» Коом » 28 бала кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды
28 бала кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды
10-февраль, 12:13
1 423 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 15инде аталган синдромго окшош белгилер катталууда. Булар жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар экенин кошумчалады. Ал эми өпкө кагынуусуна 150дөн ашуун бала кабылып, учурда ооруканада дарыланып жатышат. Тилекке каршы, алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.