Генерал Мурат Боронов милдетин так аткарып, ак кызмат кылууда


Учурда кышкы туризм, тоо лыжа сезону башталды. Мекендештерибизден сырткары чет өлкөлөрдөн көптөгөн саякатчылар Ысык-Көлгө агылышып, эс алууга басым кылышууда. Кыргызстандын башка аймактарына караганда Көл кылаасына туристтер арбын келишери айкын. Мындайда коопсуздук жогорку деңгээлде камсыздалышы шарт. Бул жагынан башкаруу ойдогудай, көңүлүбүз ток.
Аныгында, Ысык-Көл ОИИБ начальниги Мурат Боронов милдетин так аткарып, татыктуу түрдө кызмат кылууда. Тартипти, коопсуздукту камсыздоодо алгыр куштай эле сак-сактап, күнү-түнү эл кызматында экени талашсыз. Дал ушундай эмгектин акыбетинен улам, Көлүбүзгө эс алуучулар арбын катташып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошулууда.
Айтмакчы, акыркы жылдары генерал Мурат Боронов мыйзамсыз балык уулоого, тор салууга каршы көзөмөлдү күчөтүп, бул жагынан да демилгени колго алды. Браконьерлер жазаларын алышууда. Жалпысынан алганда, Ысык-Көл облусу боюнча кылмыштуулукту алдына алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү таризинде ийгилик жаратып, адымдуу баратат. Ириде мамлекетке ак кызмат кылуунун үлгүсүн Мурат мырза көрсөтүүдө. Башка жетекчилер да үйрөнүшү керек. Биздин каарманыбыз милицияны элге жакындатууга, ИИМдин аброюн көтөрүүгө салым кошуп атканы ырас. Ток этерине келсек, мыкты кадрды убагында баалап, жакшы сөз айта билүүбүз абзел эмеспи.











