Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Амантур Абдырахманов: “Бабанов аягына чейин күрөшүүгө даяр”

Амантур Абдырахманов: “Бабанов аягына чейин күрөшүүгө даяр”

11-июнь, 01:48
921 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өмүрбек Бабановдун камалуусуна кандай негиздер бар экен?

-- Өмүрбек Токтогуловичке байланыштуу келтирилген жүйөлөр аны жоопко тартууга жол бербейт. Ал өз убагында Кумтөрдөгү жерди кайтарып берген. Мамлекеттик комиссия түзүп, Центерра компаниясынын мыйзамдарды, экологияны бузуп иштеп атканын айтып келген. Ошон үчүн жоопко тартылышы керекпи? Ал кишинин иш материалдарында эч кандай далил жок. Баардык иштер болжолдонуп гана жасалып атат. 

-- Эгер Бабановго курулай доомат коюлуп аткан болсо, анда башка кандай  себептери бар дейсиз? 

-- Негизи ушул темада сүйлөшө элекпиз. Бул жерде куру доомат коюлуп атканы чындык. Бирок, кайсы бир саясый фигурага же кырдаалга байланыштырганын уга элекмин.

-- Учурда анын абалы кандай? Маанайы дурус элеби?

-- Маанайы орто эле. Бирок, аягына чейин күрөшүүгө даяр. Ден соолугу да жакшы. Бирок, ал жерде кандайдыр бир аппараттар иштейт окшойт. Ошондон улам, башы ооруп атканын айтты. 

-- Кийинки кадамдар кандай болот?

-- Биз Бишкек шаардык сотуна апелляция бердик. Эми ошол жерден баш коргоо чарасын өзгөртүүгө баардык шарттар бар экенин далилдейбиз

-- Демек, Өмүрбек Бабанов өз чындыгын далилдеш үчүн акырына чейин күрөшөт экен да, же буга чейин болуп келгендей кустуруу операциясына кабылышы мүмкүнбү?

-- Ал мыйзам чегинде күрөшүүгө даяр. Буга чейин Өмүрбек Токтогулович дагы акча төлөп чыгат экен деген сөздөр болгон. Мен бул маалыматты ага айткам. Ал бул вариантты дароо четке какты: Эч кандай күнөөм жок болсо, эмнеге акча төлөшүм керек? деген позицияда турат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер