Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марс САРИЕВ: “Текебаевдин максаты – реалдуу саясатка кайтып келиш үчүн акыркы шансын пайдалануу”

Марс САРИЕВ: “Текебаевдин максаты – реалдуу саясатка кайтып келиш үчүн акыркы шансын пайдалануу”

14-октябрь, 16:51
530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марс Осмонкулович, Атамбаев чоң саясатка кайтып келе алабы?

-- Өлкөдөгү процесстерге олуттуу таасир эткенге экс-президенттин ресурстары жок. Анан калса, Атамбаевдин тушунда түрмөгө отургузулган Өмүрбек Текебаев  аз күндө биротоло бошоп чыгат болуш керек. Жакында эле дагы бир “революционер” Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келди. Бул эки саясатчы тең Атамбаевди колдошпойт. Алар оппозицияда калышат, бирок, бул конструктивдүү оппозиция болот. Текебаевдин максаты – реалдуу саясатка кайтып келиш үчүн акыркы шансын пайдалануу. Ал башкалар сыяктуу эле парламенттик шайлоого активдүү даярданат. Анын башка саясый күчтөр, анын ичинде Атамбаевдин тарапташтары менен альянс түзүшү өтө күмөн. 

“Биринчи президент Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келет” деген сөздөр Атамбаевди дагы да изоляция кылуу максатында чыгарылып жатат. Аны бүт ресурстарынан ажыратып жатышат. Менимче, ал биротоло утулду. Коюлган баардык айыптар боюнча ал өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн, бирок, мындай катуу чарага барышпайт го. Канткен менен Атамбаев олуттуу фигура, соодалашууга барат болуш керек. Аны “саясатка активдүү аралашпайсың” деген шарт менен чет өлкөгө чыгарып ийишет болуш керек. Ырас, бул үчүн кабыл алуучу өлкөнүн макулудугу керек, бирок, мындай вариантты жокко чыгарууга болбойт. 

-- Атамбаевдин уулу анын ордун ээлей алабы?

-- Жок, ал өтө эле жаш. Ал саясатка аралашуу менен чоң ката кетирип, келечегин тобокел астында калтырып жатат. Аны бирөөлөр өз максатына пайдаланып кетүүлөрү мүмкүн. Ал жалгыздап аракет кыла алмак эмес, анын кураторлору бар. 

-- Кимдер мисалы?

-- Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана азыркы бийликтин оппоненттеринин калган күчтөрү. 

(“Евразия. Эксперт”)

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер