Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Козуев: “Доллардын курсу туруктуу болбой, Улуттук банк күмөн жаратууда”

Алишер Козуев: “Доллардын курсу туруктуу болбой, Улуттук банк күмөн жаратууда”

15-апрель, 09:00
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алишер мырза, “бизде доллардын курсу туруктуу болбой жатканында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн” дегендей пикир айттыңыз?

-- Туура, доллардын курсунун туруктуу болбой жатканына дүйнөдөгү кырдаал да себеп болууда, аны түшүнөбүз. Бирок, элде бир күмөн ой жаралууда. “Эмне үчүн Улуттук банк доллардын курсу көтөрүлгөндө ири суммада сатат дагы, арзандаганда кайра сатып алып жатат? Ортодо кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жокпу?” деген күмөн ой болуп атат. Шайлоочулардан бул боюнча аябай көп каттар, кайрылуулар келип түшүүдө. Биз бүгүн тийешелүү кишилерди чакырдык, келишсе кенен маалымат алабыз го.

-- ЖМКларга “Улуттук банк ушундан акча жасайт” деген маалымат жарыяланып кетти. Ошондой болушу мүмкүнбү?

-- Кандайдыр бир кызыкчылык болгондой туюлууда. Эл деле, биз дагы күмөн санап жатабыз. Муну укук коргоо органдары кылдат текшериши керек.

-- Жыл башынан бери канча интервенция жасалыптыр?

-- 284 млн. доллар. Ушунча сумма элге сатылып, 19 млн. доллар сатып алынган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер