Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Мамыркулова китеп жазып, келечекке дүрбү салса...

Канышай Мамыркулова китеп жазып, келечекке дүрбү салса...

12-июль, 22:21
1 375 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада журналист Канышай Мамыркулова абактан пробация менен үй камагына чыгарылды. Үч ай эркиндигинен ажырап отурду. Жазмыш. Бул аралыкта аны колдогондор арбын болду. Соцтармакта, эл арасында эркиндикке чыгышын айткандар басымдуулук кылышып, ар убак суранычтар, талаптар айтылып атты. Мындан биз Канышай Мамыркулованын кадыр-баркы көтөрүлгөнүн, аны жактагандар арбын экенин байкадык. Ошол эле кезде каралаган “фейк фабриканын” таасири түккө арзыбай, аларга эч ким деле көңүл бурган жок. Албетте, Канышай айым убактылуу азап чеккени менен адамдык сапатын, күрөшчүлдүгүн көрсөтө алды. Кандайдыр бир деңгээлде тарых жаратты. Эми пробациянын шарты боюнча макала, же пост жаза албайт. Кыскасы, пикирин билдире албасы ырас. Мындай убакта китеп жазып, өткөн-кеткенге саресеп салып, келечекке план түзүп, пайдалуу иштердин өтөөсүнө чыкса болот. Бул күндөр да өтмөкчү...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер