Акыркы кабарлар
» Коом » Айжамал Төлөмүшова: “Президент менен УКМК төрагасына кайрылууга аргасызмын”
Айжамал Төлөмүшова: “Президент менен УКМК төрагасына кайрылууга аргасызмын”
20-апрель, 23:25
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Айжамал, “М-Строй групптан” үй алам деп каражат салып, алданып калгандардын саны 250нү чамалайт экен. Акча салардан мурун “М-Строй групптун” документтерин текшердиңер беле?
-- Документтерин текшергенбиз. Алданып калбайлы деп госрегистрге чейин барганбыз. “М-Строй групп” курулуш компаниясы салып жаткан жердин ээси “Креатив” фирмасы экенин, ал жерде Омуров Нурлан, Ишенбаев Максатбек, Раимкулов Манас учредитель экенин билгенбиз. “М-Строй группта” дагы Бегинбаев Медеттен башка үч киши учредитель экенинен кабардарбыз. Бизге акча салганга чейин “М-Строй групптун” кызматкерлери буга чейин бир эмес, эки үй салганын, чочулай турган себеп жок экенин айтып, бизди ынандырышкан. Квартиранын бир чарчы метрин 450 доллардан эсептеп, 44 чарчы метрлүү бир бөлмөлүү квартиранын бир жарым миллион сомго баалашкан. Белгиленген мөөнөттө үй алабыз деген ой менен күндөп-түндөп тапкан бир жарым миллион сомду келишим менен төлөгөнбүз. Тилекке каршы, биз каражат салган үй экинчи кабатына келгенде салынбай токтоп калды.
Көрсө, үй салынчу жердин да, “М-Строй групп” компаниясынын да ич ара маселеси бар экен. Алар 250 кишинин акчасын алышып, ар бири 12ден квартира ээлешип, калган каражатты “Датка курулуш” деген курулуш компанияга которуп кетишиптир. Мунун баарын аудит жалдаганда билдик. Алданып калганыбызга ызаландык. Айлабыз кеткенде укук коргоо органдарына кайрылып, үйдү бербесе да, биз берген акчаны кайтарып беришин талап кылдык.
Таңгалганым, Октябрь райондук РИИБнин Азамат анан Автандил деген тергөөчүлөрү арыздануучуларды тосуп алып, бир гана “М-Строй групптун” жетекчиси Бегинбаевдин гана атына арыз жаздырышты. Жыйынтыгында Бегинбаев Медет 12 жылга соттолуп, “М-Строй групптун” учредителдери Б.Эралиев, Ж.Турдумамбетов, Э.Курмушов жана жердин ээси болуп жаткан “Креативдин” учредителдери Омуров Нурлан Кайырович, Ишенбаев Максатбек, Раимкулов Манас Кубанычбекович эч кандай жоопкерчиликке тартылбай калышты.
Тергөөчүлөр болсо “Бегинбаев силер жазган арыздын негизинде 12 жылга камалды. Эми эмне кыл дейсиңер?” дегендей эле мамиле кылып коюшту. Тергөөчүлөр жердин жана курулуш компаниянын учредители болгон 6 кишини сактап калганын Бегинбаев Медет камалганда билдик. Ал түрмөдөн чыккан күндө да биз төлөгөн акчаны кайтарбайт да. Ошон үчүн президент Садыр Жапаровго жана коррупционерлерди жазалап жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылууга аргасызмын. Биздин таман акы, маңдай тер менен тапкан акчабызга 12ден квартира сатып алган 6 учредителди “кустуруп”, каражатыбызды өндүрүп беришиңизди суранабыз. Ошондой эле бул жактагы үйдү бүтүрбөй туруп, алдамчылык жол менен биз берген каражатты “Датка курулуш” компаниясына которуп кеткендерди жазалап беришиңерди өтүнөбүз. Буларга азыртан чара көрбөсөк, дагы башка компания ача салып, карапайым элдин каражатын алдап ала беришет.
-- Митингге чыгып, бозүй тиккениңерде реакция болдубу?
-- Октябрь районунун акимине жолуктук. Ал жердин маселесин чечүү керектигин айтты. Мэрге жолукканыбызда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй маселесин чечүүнүн жолун тапса болорун түшүндүрдү. Биз мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алгандан качпайбыз. Болгону, дагы ошончо каражатты төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биз бар быдырыбыздын баарын “М-Строй группка” бергенбиз. Ал бүтпөгөн үй мамлекеттик ипотекалык компанияга берилсе, салган каражатыбызды эске алып, чарчы метрин арзаныраак эсептеп берсе деген өтүнүчүбүз бар. Эгер андай кылганга болбосо, жогоруда айткандай 12ден квартира сатып алган “Креатив” фирмасынын учредителдерин сыгып, биздин каражатты өндүрүп беришиңерди суранабыз.
-- Азыр кайда жашап жатасыз? Митингге чыккандын көпчүлүгү бозүйдө, жертөлөдө жашап жатабыз дешти эле го?
-- Мен да үч балам менен жашарга жерим жок жертөлөдө жашаганга аргасыз болгон күндөрүм да болду. Бирөөлөр аркылуу “Креативдин” учредителдеринин бири Раимкулов Манастын 3 жылдан бери бир бөлмөлүү квартирасы жөн эле турат дешти. Алар үй маселеси чечилгенче ошол жерге жашап тур дешти. Макулдашуу менен азыр ошол жерде жашап жатам. Бирок, алар мени ал үйгө канча жашатарын, качан кууп чыгарын билбейм. Себеби, алардын акчасы да, адвокаты да көп. Сотторго акча беришсе да бизге окшогон карапайым адамдарды жөн эле утуп алышат да. Ошон үчүн бийлик башындагылардан биздин маселени кайдыгер карабай чечип беришин өтүнөм.
Бөлүшүү:

Чынайым Кутманалиева,
"Азия Ньюс" гезити
"Азия Ньюс" гезити