Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда эшектер 53%га азайган. Анын себеби белгилүү болду

Кыргызстанда эшектер 53%га азайган. Анын себеби белгилүү болду

22-ноябрь, 18:05
1 109 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнө жүзүндө эшектердин саны кыйла азая баштаган себебин Англиядагы “Donkey Sanctuary” уюму иликтеп чыкты.

Иликтөөнүн негизинде  Кытайда эшектин терисинен жасалган буюмдарга, айрым дарттарга даба болгон желатинге талап көбөйгөндүктөн дүйнөдө эшектердин саны 5 жыл ичинде жарым-жартылай азайган. 

Дүйнө жүзүндө 44 миллион эшек жашайт. Акыркы кездерде Кытай медицинасында кеңири пайдаланылган эшектин терисине талапты толтуруу үчүн 4,8 миллион эшек союлушу керек болгон.

Бразилияда эшектердин саны 2007-жылдан бери 27 пайызга азайды. Бул көрсөткүч Ботсванада 37, Кыргызстанда 53 пайызга жеткен. Кения менен Ганада тездик менен азайганы белгиленген.

Бул иликтөөдө: "Эшектин терисине талап жогору. Алардын жашына, эркек ургаачысына карабай союлуп жатат”,-деп жазылган.

Бул жаныбарлардын терисинен "E'jiao" аттуу желатин (килкилдек) Кытай медицинасында миңдеген жылдар бою колдонулуп, кан айланууну тездетери, аз кандуулукка жакшы болору айтылат.

Кытайда эшектердин саны 1992-жылдан бери 76 пайызга азайды. Андыктан эл керектеген дарыны чыгаруу үчүн башка мамлекеттерден союлуп келе баштаганы белгилүү.

“Donkey Sanctuary” уюму 18 өлкөдө эшектин терисине тыюу салынганын, ага карабастан жаныбарлар башка жактардан алынып келип жатканын, уурдалганын баса белгилеген. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер