Акыркы кабарлар
14:12
» Саясат » 84 жаштагы Медеткан Шеримкулов ак калпактын ордуна бейсболка кийгенде
84 жаштагы Медеткан Шеримкулов ак калпактын ордуна бейсболка кийгенде
23-март, 20:14

Нооруз майрамы мамлекеттик деңгээлде Ала-Тоо аянтында белгиленди. Адаттагыдай бийлик, ишмерлер, аксакалдар, коомчулуктун ар кыл өкүлдөрү катышты. Төрдө баягы эле тааныш жүздөр. Өзгөчө көңүл бурдурганы – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов болду. Аксакал башкалардан өзгөчөлөнүп, башына бейсболка кийип алыптыр. 84 жашты чапчыган атабыз ак калпак кийип, наркты, кааданы көрсөтсө не? Жаш балдардай башына жеңил “шапке” бастырып алыптыр. Улуу муундун өкүлдөрү жүрүм-туруму менен үлгү көрсөткөндүн ордуна кедеринен кетип жатышса, жаштар кайда барышат? Негизи жаш куракка жараша орундуу мүнөз күткөндү да үйрөнө албай койдук. "Азия Ньюс" гезити











