Аккулу, Төрөбайга окшогон “чала молдолордун” мамлекетке кыянаттыгыбы?

Негизи динге ашкере берилген адамдарды саясатка, дээрлик мамлекеттик кызматтарга жолотпош керек! Алар мечиттерде зикир чалып отурушсун! Биздин мамлекет светтик экенин унутпайлы – Конституцияда бадырайып жазылып турат. Тилекке каршы, дааватчылар саясатка аралашып, өздөрүнүн диний көз караштарын коомчулукка таңуулап аткан кербездери. Маселен, Аккулу Тагаев аттуу Жогорку Кеңештин депутаты сакалды бапыйта коюп алып, казинолордун ачылышына каршы сөз сүйлөп, тетири кеткенин кантебиз? Экономикабыз ансыз да каржалып турганда, ушундай шарыятчылдардын акыл үйрөткөнү өттү. Казинолор ачылса жергиликтүү тургундардын кумар ойногонуна тыюу салынып, жалаң чет элдик туристтер киришет. Бул жааттан инвестиция тартууга өбөлгө түзүлөт эмеспи. Казинолор ырааттуу иштеп баштаса, жылыга өлкө казынасына миллиарддаган сомдор түшөрү шексиз. Дал ушул пайдалуу жагын Аккулу, Төрөбайга окшогон “чала молдолор” качан түшүнүшөт? Мамлекеттин саясатына кийлигишпей эле тек жүрүшсө...
"Азия Ньюс" гезити