Нуржигиттен кийин Марлен Маматалиевге “чалма” ыргытылабы?
Ушундай. Нуржигит Кадырбековдон кийин президенттик тактыга амбициясы ойгонгон Марлен Маматалиевдин да таскагы катуулачудай. Экинчи ирет депутат болуп, “Ынтымак” фракциясын жетектеп, саясатчы катары өз ордун таап калды. Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу ыктымал. Оппозиция жана бир катар саясый күчтөр даяр эмес. Ал эми Марлен Маматалиев шайлоочулары менен тыгыз иштешип, арканды алыс ыргытуу менен даңгыр жолдо баратат. Жаштар тарабынан колдоосу күчтүү. Азыркы бийликке Нуржигит Кадырбековдон кийин Марлен мырза баш оору жаратабы? Эмесе, күч органдары алдыртан купуя сырларды чечүү үчүн иштеп, маселе башын чечип алышы керек. Өтө күчтөнө элек кезде айласын табышпаса, мезгил өткөндө “чалма” ыргытуу жарашпай калышы ажеп эмес.
"Азия Ньюс" гезити